Кыргызстандагы тоо-кен долбоорлору боюнча инвесторлорунун жана жергиликтүү калктын мамилелери анча жакшы эмес. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин жергиликтүү тургундар тарабынан болгон бейбаштык жана мародерчулук чегине жеткен. Ошол маалда Бишкектеги бийлик өтө алсыз болгондуктан инвесторлорго каршы кылмыштык аракеттерге дагы көз жумууга даяр болгон. Азыр албетте абал өзгөрдү жана мамлекет инвесторлорду тартууга кызыкдар болуп турган чагы.
Иштамберди кени
Жалал-Абад облусундагы Чаткал тоо кыркасынын түштүгүндө жайгашкан. Кенди «Фулл Голд Майнинг» компаниясы кытай капиталы менен иштетип келет. Бул жер Кыргызстандагы чайкоо жолу менен алына турган кумдуу алтын жана таштуу алтын кендеринин бири (ондогон тонна алтындар).
Жергиликтүү тургундардан турган кызматкерлердин көбүнө эмгек келишимине ылайык маяналары төмөндөй турганы айтылган. Макул болбогондор жумуштан кетишсе болору же келишим боюнча иштегенине жараша маяна алууга өтүүсү керектиги жарыяланган. Компания баары мыйзамга ылайык болгонун билдирип келет. Тоо-металлургия профсоюзу эмгек нормалары, укуктар бузулганын билдирүүдө. Бирок биз бул макалада ал талаш абал тууралуу айталы дегенибиз жок, аны чечүүчү соттор бар.
Көпчүлү ММКлар алар кендерди алып чыгууга аракет кылышканын жазып чыгышты. Бирок биз сурамжылоо жүргүзгөн эксперттер кум аралашкан кенде эч кандай “кен” жок болорун билдиришти. (кен кум аралашкан чайкоочу жайда болбойт). Жергиликтүү тургундар концентраттар бар мүшөктөрдү алып чыгууга аракет кылышса керек (алтын аралашкан кумдарды).
Аны менен катар эле жергиликтүү тургундар компания суу түтүктөрүн, жолду жана башка жерлерди оңдоп берсин деп талап коюшкан.
Иштамбердыдагы окуя жалгыз эмес. Акыркы жарым жылда эле дал ушундай эки окуя болгон.
Шамбесай кени
Баткен облусундагы алтын кенинде алтындын кору 8 тонна. Алгач аны австралиялык компания («Z-Explorer») иштетип жаткан, андан соң анын акцияларын 2017-жылдын январында кытай инвесторлору сатып алышкан.
Бул кенди иштетүүчүлөр жергиликтүү калк менен бир нече жолу чырдашышкан. Өкмөт ага лицензия берген жана лицензиялык төлөмдөрдү чогултуп келген, бирок инвесторлордун жакшы иштөөсү үчүн эч кандай шарттарды түзгөн эмес.
2013-жылы Майдан айылынын тургундары техниканы талкалашып, кеңседеги эмеректерди жана ишкананы документтерин жок кылышкан.
2014-жылы компания ишин токтотууга аргасыз болгон. Жашоочулар курултай өткөрүшүп, инвесторлор кетиши керек деген чечим чыгарышкан.
2017-жылы бул кенди иштетүүдөн эч кандай пайда чыкпайт деген жергиликтүү тургундар менен Жогорку Кеңештин депутаты жолугушуу өткөрүп, бул маселени көтөрүп чыккан. Ошол эле жылы тургундар компаниянын жетекчилигине кайрадан нааразычылык билдиришип, кызматкерлердин арасында кытайлыктар көбөйүп кеткенин айтып чыгышкан.
2018-жыл алтын кенди иштетүүгө каршы митинг менен башталган. Жерге болгон ижараны кен иштетүүчүлөрдөн болушунча алып жатышканы менен тургундар компаниянын иштөөсүнө кайрадан тоскоолдук жаратышкан.
Макмал кенинин калдык сактоочу жайы
2017-жылы районго кытай компаниясы келип калган алтынды алуу үчүн фабрика куруп баштаган.
2018-жылдын февраль айында жергиликтүү тургундар ал фабриканын курулушуна каршы чыгышкан. 2018-жылдын 10-мартында 200дөн ашуун адам митингге чыгышып, фабриканын тосмосун талкалашып, мекеменин аймагына кирип барышкан.
Канча адам жоопко тартылганы тууралуу милиция кабар бербей эле. Себеби эч ким жоопко тартылган эмес. Жергиликтүү тургундар жана криминал менен милиция достук гана мамиледе болуп, алар менен күрөшүүнү каалабайт деле.
Себептери
Жогоруда айтылган окуялардын себептери бар. Алар тууралуу айтуу уят.
Эң биринчи башкы себеп бул укук коргоо органдары шаарда гана эффективдүү иштегенинде. Алыска аймактарда абал башкача. Райондун ИИБдерде негизинен жергиликтүү тургундар иштешет, ошондуктан укук коргоо бийлиги жакшы иштебейт, ал такыр жок десек да болот.
Башкача айтканда, милицияга инвестор эч кандай ишеним артпай эле койсо болот.
Кээ бир учурларда инвестор жергиликтүү калкка каршы тура албай калат, себеби күн сайын аларга акча берип туруу мүмкүн эмес. Ал эми жергиликтүү коом болсо эки үч жылдап кен казуучуларды иштетпей келет жана аларга инвестор банкрот болдубу баары бир.
Инвесторлорсуз биздин өлкө өнүгө албасын түшүнүү менен биз Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине кайрылабыз. Инвесторлорду коргоо маселеси боюнча комиссия түзгүлө дагы аймактардагы инвесторлордун кызыкчылыктарын коргой турчу ыйгарым укуктуу орган түзүү керек. Алар мыйзамга ылайык иштебеген милицияларды ишинен кетирүүгө укуктуу болушу керек.
Бул иштерди тездетүү зарыл, себеби кен казуу иштери сарт-апрель айларында башталат эмеспи.