Кыргызстан Бажы биримдигине киргенден кийин инвесторлорго салыктык жана бажылык жеңилдиктерди берүү үчүн мыйзамын өзгөртүүсү керек болду. Атап айтканда, лизинг боюнча салык жеңилдиктерин жоюу жана мыйзам аркылуу баардык Эркин Экономикалык Аймактар “өлтүрүлгөн”. Мунун баары евразиялык интеграция боюнча өнөктөштөр бири-биринен инвесторлорду тартып албоосу үчүн жана өз аймагында ачык оффшорлорду түзүү үчүн жүргүзүлүп жаткан.
Казакстандагы салык бейиши
2018-жылдын 1-январынан тарта Казакстан Республикасында былтыр өткөн ЭКПО-2017 көргөзмөсүнүн аймагы эл аралык оффшорго айланганы тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Бажы Биримдигинин так ортосунда.
Казакстан финансылык кызматтарды экспорттоого бел байлаганы көрүнүп турат жана инвесторлорду тартуу үчүн мыйзамын бир топ реформалаган.
Россиядагы салык бейиши
2014-жылдын декабрында, Кыргызстан Бажы Биримдигине кирүү иштерин бүтүрүп жатканда Россияда “Россия Федерациясындагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү боюнча алдыда келе жаткан аймактар” тууралуу мыйзам кабыл алынган.
Россия Федерациясындагы социалдык-экономикалык жактан өнүгүү боюнча алдыда келе жаткан аймактарга болгон жеңилдиктер төмөнкүлөр:
- пайдалуу кендерди казып алуудагы салык 4 жылга чейин –0% ;
- биринчи 5 жылда киреше салыгы 5%дан ашпайт;
- жерге жана кыймылсыз мүлккө болгон салыктан толугу менен бошотуу;
- социалдык төлөмдөр 10 жылга–7,6% ;
- Эркин бажы аймагын колдонуу режими.
Блокчейн-долбоорлор үчүн беларусиялык оффшор
Жакында эле Беларусия “Санарип экономиканы өнүктүрүү” тууралуу мыйзам кабыл алды, ага ылайык, блокчейн-активдер менен болгон иштер (криптовалюталарды кошкондо) “Жогорку технологиялар паркы” деп аталган атайын режимге кирип, баардык салыктардан бошотулат. Анын ордуна айлануудан 1% каражат чогултулат.
Муну менен Беларусь Республикасы интернет-бизнес шарттары боюнча алдыга чыгып, баардык перспективдүү инвесторлорду өзүнө тартып алуу менен алек.
Кыргызстан үчүн жыйынтык
Кыргызстан Бажы Биримдигинде инвесторлор үчүн күрөш эбак эле башталганын түшүнүүсү керек. Бул айыгышкан салгылашууда эч кандай эрежелер жана өнөктөштөр эске алынбайт: инвесторлорго жакшы шартты ким түзүп берсе, ошол капиталга ээ болот. Жада калса ачык эле оффшорго байланышкан мыйзамдарды чыгарып жатышканына күбө болуп жатабыз го (Казакстандагы эл аралык финансылык борбордогудай).
Биз конкреттүү түрдө төмөнкүлөрдү сунуштайбыз.
Кыргызстанда нефть жок, ал эми көмүр боюнча логистикада бир топ кыйынчылыктар бар, ири алтын казуучу жайлар да жок. Кызматтарды экспорттоону өнүктүрүүбүз зарыл, эң биринчиден финансылык жана логистикалык кызматтарды. Ошондой эле чет элдик инвесторлорго кандай жеңилдиктер керек экенин билбей туруп өлкөгө инвестор тартууга мүмкүн эмес.