Өкмөттүн 2017-жылдын 15-мартындагы токтомуна ылайык, инвестициялык виза алуунун жаңы, жеңилдетилген тартиби ишке кирди.
Тип I үлгүсүндөгү инвестициялык виза инвесторго же чет өлкөлүк инвестициялык компаниянын башчысына жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө (күйөөсү, аялы, жашы жете элек балдары жана багуу талап кылынган ата энелери) үч жылга берилет.
КРнын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген мөөнөт аралыгында инвестициялык визага ээ болгон инвестор мыйзам чегинде өлкөгө ээн-эркин кирип, тендерлерге жана аукциондорго катышуу мүмкүнчүлүгүн алат.
- Инвестициялык визаны алуу үчүн кыргыз экономикасына салым кошорун далилдеген, 10 миллион сомго тете акчалай жана материалдык баалуу байлыктарын тастыктаган документтерди көрсөтүшү керек;
- Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция жана экспортту илгерилетүү агенттигине арыз менен кайрылуу;
Мамлекеттик структураларда карылууну кароо мөөнөтү:
–1 айга чейин.
Инвестициялык визалар төмөнкү тармактарда иш алып баргандарга берилет:
- өндүрүш;
- өнөр-жай;
- айыл-чарба;
- банк иши;
- энергетика;
- билим берүү;
- медицина;
- инженердик-курулуш максаттары;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар.
Ошондой эле инвесторлордун үй-бүлөлөрү үчүн F үлгүсүндөгү виза киргизилүүдө:
- F үлгүсүндөгү виза үй-бүлөлүк виза арыз берүүчүнүн Кыргыз Республикасына «I» — инвестициялык, «W1» жана «W2», — эмгек, «S» — окуу виза категориялары менен келген үй-бүлөлөрүнө (күйөөсү, аялы, жашы жете элек балдары жана багуу талап кылынган ата энелери) бир жылга, кайра узартуу мүмкүнчүлүгү менен берилет. Бирок алардын иштөөсүнө уруксат жок.
Толук маалымат алуу үчүн (+996 312) 623866 номери же mail@invest.gov.kg электрондук дареги боюнча кайрылуу керек.