ЭКОНОМИКА бул маселени кантип чечсе болору тууралуу жазууну чечти.
Өлкө боюнча көптөгөн чакан мейманканалар бар. Биз Бишкекти жана негизги оң отелдерди албайбыз. Бул мейманканалардын кызматтарын жыл сайын көптөгөн адамдар колдонушат, аларды көпчүлүгү чет мамлекеттерден келип, Кыргызстанда саякаттаган туристтер.
Көпчүлүк учурда бул адамдар өтө деле көп нерсени талап кыла беришпейт. Алар үчүн жуунуучу жай, таза шейшеп жана тамактанып алуу мүмкүнчүлүгү болсо болду. Ошондой эле туристтер айрым учурда каякка кантип барарын жана кайсы бир ашуунун жолу ачык бекендигин сурашы ыктымал.
Чет элдик туристтер интернетти көп колдонору эч кимге деле сыр эмес. Алар чечим кабыл алууда көбүрөөк интернет менен кеңешет жана мындан колдонуп калуу керек.
Интернет араң тарткан чакан эле аймактык мейманкананы, мисалы керек болсо телефон байланышы тартпаган Чычкан капчыгайындагы мейманкананы алалы. Конок үй ээлери интернетте бир нерсени жайгаштырып, жаңы нерселерди ойлоп таппай турганы анык.
Эң көп дегенде кандайдыр бир жарнаманы жарыялашы мүмкүн, балким кээ бири интернетте өз баракчасын ачат, ошол менен бүттү. Чындыгында бул өтө эле туура эмес. Көпчүлүк чет элдиктерди алыскы аймактар кызыктырат. Жана алардын ал жактарга баруусу үчүн эң алгач жакшы мейманкана болуусу шарт. Алар бул мейманканада номерлерди алдын ала брондоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу керек жана көп акчаны өздөрү менен кошо ала жүрүү зарылчылыгы болбошу керек.
Алгачкысы сайт ачуу керек. Жөнөкөй эле, өтө кымбат эмес сайт ачуу керек. Муну кантип жасоону өзүңүз билбесеңиз туугандарыңыздан жардам сураңыз.
Менчик сайт ачуу үчүн даяр формалар бар, ал жакта wordpressтин жардамы менен толтуруп коюу гана керек. Доменди сатып алуу үчүн 250 сом төлөөгө туура келет жана хостинг сөзүн колдонбостон интернеттеги бул баракчаны жайгаштыруу үчүн өтө кымбат эмес келишим түзүү керек. Эң арзанын. Эмнеге арзан, себеби ал жакта аз эле маалымат болот.
Бул баракчаларда эмнени жазуу маанилүү:
1) Кайда жайгашкан
2) Кандай шарттар бар (жылуу суу, гиддин кызматтары менен колдонуу мүмкүнчүлүгү, тамакты бат даярдоо мүмкүнчүлүгү, унаа токтотуучу жайдын бардыгы, кир шейшепти жана кийимдерди бат жууп алуу мүмкүнчүлүгү. Көпчүлүк альпинисттер, жөө жүрүүнү сүйгөн туристтер кимдир бирөө түнү менен алардын кирлерин жууп, эртең менен таза буюмга ээ болгулары келет ) ж.б.
3)Жанында эмне бар, бул мейманкана эмнеси менен башкалардан айырмаланат. Туристтерди кызыктырган жерлердин сүрөттөрүн жайгаштырып коюу. Сүрөттөр сөзсүз эле кесипкөй адис тарабынан тартылуусу керек эмес, жөнөкөй эле, өзүңүз тарткан сүрөт болсо болот.
Кадимки чакан аймактагы мейманканадан эч ким өтө баалуу профессионалдуу дизайн күтпөйт, бул жөнөкөй эле болуусу керек. Ошондой эле байланыш номерлери жана сөзсүз электрондук дарек болуусу кажет.
Интернет боюнча издөөдө негизги сөздөр колдонулат. Мисалы сиздин мейманкана Кеминде дейли, демек негизги сүйлөмдөр Кемин, мейманкана, туризм ж.б. сөздү камтуусу керек.
Эгерде сиз англис тилинде эмес, башка тилде жазсаңыз, анда сиз автоматтык түрдө маалыматты башка тилде окуган адамдардын аудиториясына ээ болосуз. Себеби мисалы, Германияда баары эле англис тилин биле беришпейт, Испаниялыктардын көбү эле англис, орус тилдеринде маалыматты окууга даяр эмес.
Учурда электрондук брондоо системасы иштеп келет. Интернет аркылуу мейманканаларды брондоо боюнча эң белгилүү система booking.com. Ал жакка кирүү үчүн талаптарга жооп берүү керек. Ал тууралуу ошол эле booking.com. сайтынан билсеңиз болот. Маалыматтар орус жана башка тилдерде бар.
Биринчиден бул системага кирүү үчүн сиз кыргыз банктарынын бири менен төлөмдөрдү банк картасы аркылуу кабыл алуу үчүн p.o.s. койдуруу тууралуу сүйлөшүшүңүз керек. Банк карталарысыз бул иштебейт. VISA card жана Master card менен төлөмдөрдү кабыл алууга мүмкүн болуусу максатка ылайык.
Дал ушул эки карточканы тең бере алган банк менен сүйлөшүү керек. Андан соң booking.com менен байланышып, сүйлөшүп, анкета толтурасыз дагы мейманканаңыз тууралуу маалыматты жөнөтөсүз.
Бул Кыргызстанга мисалы Дюссельдорф шаарынан келүүнү пландап жаткан адам системаны ачып, Кыргызстан сөзүн жазып башка мейманканалардан биринчи сиздин мейманкана тууралуу маалымат алат дегенди билдирет. Эгерде ал Чычкан капчыгайы аркылуу өтө турган болсо ал ошол жерге “Чычкан” деген сөздү жазып, сиздин конок үйүңүздү көрүүсү мүмкүн.
Эгерде сиздин баалар жана кызматтар ага жакса, анда ал компьютерден алыстабастан эле мейманкананы брондоп коет. Бул тууралуу маалымат сиздин электрондук дарегиңизге келет.
Жети-Өгүздө «Аль Хаят» деген мейманкана комплекси бар. Анын үй-бүлө иштетип келет. Алар booking.com системасына катталып коюшкан жана жыл сайын брондоо менен иштеп келишет. Туристтер брондоону март-апрель айларында башташат. Алар системаны туура колдонушуп, учурда кардар издөө менен алек болушпайт. Аларга чет жактан жана биздин аймактардан эс алуучулар барып турушат.
Интернетте алардын баракчасы орус тилинде жана канда түзүлгөнү бул жерде.
«Навигатор» кафесинин кожоюнунун «Байхан» аттуу мейманканасы бар. Алар 2 жыл мурун booking.com. системасына киришкен. Документтерди толтуруу боюнча бардык 7 айлампаны өтүшкөн. Эгерде мурун кардарларды тартуу абдан кыйын болуп келсе, учурда бул иш бир топ жеңилдей түшкөн. Мурун кээде гана келчү адамдар азыр booking.com системасы менен мейманкананы брондоп калышкан.
Бул адамдар кандай жетишкендиктерге жетишкени тууралуу мисал ушул. А эмне үчүн сиздин мейманкана дагы ушундай иштерди кыла албайт?
Домендердин болжолдуу баасы:
Booking системасына кирүү үчүн эч кандай төлөм алынбайт, ал жөн гана пос терминалдын айрым талаптарына жооп берүүнү гана талап кылат.
Жалпылап айтканда баарына эң көп дегенде 5000 сом кетет, эгерде сайтты бекер жасап берүүчү жакшы таанышыңыз болсо, анда 1000 сом сизге жетет.
Эн башкысы коркпоо жана эринбөө керек. Эгерде сиз чындап эле мейманкана бизнесиңизди өнүктүргүңүз келсе, анда заман талаптарына ылайык жана убакыт менен бирге иш алып барганды үйрөнүңүз.