Жакында эле менин таанышымдын банктык карточкасынан каражаттар жоголду. Бул түн ичинде болуптур, ал уктап жаткандыктан акчасы уурдалганы тууралуу кабары болгон эмес. Анын телефонуна каражаттар алынганы тууралуу маалымат келген. Эртен менен таанышым банкка арыз жазганы менен маселени чечүү узакка созулуп, банк ага эч кандай жардам берүүну каалаган эмес. Таанышым социалдык тармактарда белгилүү болгондуктан социалдык тармак жабыла банкты жамандап, талкуулап башташты эле, банк кызматкерлери актанып жатып калышты.
Жогоркудагы окуяда банк таанышыма уурдалган каражатты төлөп берди. Бирок бул биринчи жолу гана эмес. Ушундай окуялар башка банктардын кардарлары менен дагы болуп келген. Кыргыз банктары 3D secure деп аталган жакшы корголгон карточкаларды чыгарышты, бир гана жолу колдонууга боло турган паролдорду киргизишти ж.б.
Бирок ушул эрежелерди сактаган убакта дагы Интернет аркылуу товар алып, төлөм төлөө коопсуз болуп саналбайт. Эмнеге?
Эрежеге ылайык интернет аркылуу сатып алганда кардар өзү тууралуу маалыматты жана банк карточкасындагы маалыматты берет. Үчүнчү жактар карточкаңыздагы каражатты уурдап алуусуна бул жетиштүү. Баардыгы сатуучудан көз каранды, бул учурда банктын эч кандай күнөөсү жок.
Азырынча Кыргызстанда интернет аркылуу товар сатып алган соң карточкасынан каражаттар жоголбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Учурда кыргыз коммерциялык банктарынын маалыматтык коопсуздугу чет өлкөлүк банктардыкынан алда канча артта. Жогорку маалыматтык технологиялар заманында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу бир топ каражаттарды талап кылат.
Банктардын кардарлары дагы кандай коркунучтар бар экени тууралуу билип, коопсуздук эрежелерин сактоосу зарыл. Ошондой эле оз каражаттары үчүн өзү жоопкерчиликтүү болуусу керек.
Интернет уурулардан сак болуңуздар!