Майрамда КРнын өкмөтүнүн өкүлдөрү, КРнын, Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларусиянын, Армениянын жана Молдованын Соода өнөр-жай палатасынын жетекчилери катышышкан. Байкоочу катары Сербиянын соода өнөр-жай палатасынын Орусиядагы өкүлү чакырылган.
КМШ өлкөлөүнүн соода өнөр-жай палатасынын кеңеши 2002-жылы түзүлгөн. Учурда КМШ Палаталарынын биргелешип иштешүү комплексин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгышууда.
Бардык соода өнөр-жай палаталары экономикалык интергация сооданын өсүүсүнөн көз каранды деп эсептешет.
“Ошондуктан Палата өкүлдөрү соода багытында мамилелерди түзүүгө жана рынок факторлорун эске алуу менен баардыгына бирдей шарт түзүүгө кызыкдар. Ал үчүн катышуучулардын баары экономикалык өнүгүүнүн улуттук стратегиясын активдештирүүсү керек. Мунун баары мамлекеттердин дүйнөлүк экономикада позициясын күчтөндүрүүгө шарт түзөт ошондой эле жарандардын жашоо шарттарын жакшыртат”,-деди Экономика министринин орун басары А. Сазбаков.
Мисалы, быйыл эле КРнын соода өнөр-жай палатасы Түштүк Уралда, Пензада, Омскийден, Алтайда бизнес-форумдарды өткөрдү. Бул кызматташтыкты ЕАЭБдин алкагында кеңейтүү каралууда. Бул убакыт аралыгында Орусиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Беларусиянын ишкерлери менен жолугушуулар өттү.
Жолугушуу учурунда палаталар аралык кызматташуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жарманке ишин активдештирүү, бирдиктүү маалыматтык алкак, аймактар аралык жана чек ара аймактары боюнча кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Сербиянын соода өнөр-жай палатасынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн директору Деян Делич КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы ишкердик өнөктөштүктү бекемдөө керектигин белгиледи. Ошондой эле инвестициянын көлөмүн жогорулатуу, товар айланууну көбөйтүү үчүн Палаталарды кызматташууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынды. Кийинки 16-жыйын Кишиневдо өтмөй болду. Молдованын соода өнөр-жай палатасынын вице-президенти Наталья Калейник катышуучуларды Молдовага чакырды.
Ирина Байрамукова