Экономикалык өнүгүү министрлигинин жана Москва биржасынын биргелешкен долбоору боюнча эксперттик топ жогорку технологиялык 14 компанияны тандап алды. Аларга Инновациялар жана инвестициялар рыногуна чыгууга колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу Россиянын экономикалык өнүгүү министрлиги билдирди.
Булар: АК «АйСиЭл — КПО ВС», МК «Софтлайн», АК «Т-Платформы», ЖАК «СКБ КОНТУР», МК «Монокристалл», МК «Аплана», ОАО «ЭТУ», МК «ДАНАФЛЕКС», АК «Интерскол», АК «ЭР-Телеком Холдинг», ОАО«ГК ВИК», АК «ПКК Миландр», ООО «Меркатор Калуга», ОАО «Промэкс». Бул компаниялардын бир бөлүгү Экономикалык өнүгүү министрлигинин «Национальные чемпионы» деп аталган долбоорунун катышуучулары.
Рынокко чыгууда тандалып алынган компанияларга кеңеш жана билим жагынан жардам берилет. Ошондой эле каржылык жардам да берилет. Компаниялар бийлик органдары жана өнүгүү институттары менен кызматташса Экономикалык өнүгүү министрлиги консьерж-кызмат дагы көрсөтөт.
Мындан сырткары министрлик инновациялык компанияларга салыктык жактан жеңилдик берилет. Мурда бул жеңилдиктерди 10 млрд рублга соода кылган компаниялар ала алышчу, эми босоо сумма 25 млрд долларга чейин жогорулады. Тиешелүү токтом РФнын Өкмөтү тарабынан кабыл алынды.