Жыл башынан бери Казакстанда азык-түлүккө болгон баа 4,5%, Кыргызстанда 0,9%, Орусияда 0,3% жогорулаган.
Кыргызстанда болсо жашылча-жемиштердин баасы жыл башынан бери дароо 6,6% жогорулаган.
Мындан сырткары өлкөдө тамеки дароо 20,9% жогоруласа, Казакстанда 9,8%, Орусияда 6,7% көтөрүлгөн.
Азык-тулүк эмес тармака келсек, баанын жогорулоосу Казакстанда 7,5%, Орусияда 2,1%, Кыргызстанда 1,5% болгон.
Биз Казакстандан кызмат көрсөтүү жаатында ашканбыз. Байланыш кызматы жыл башынан бери 11% жогорулаган, ал эми Орусияда +4,4%, Казакстанда 0,1%.
Казакстан ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн ичинен инфляция боюнча “алдыда” жана мындай көрсөткүч алгачкы жолу болуп жаткан жери жок.