Индиянын базары кыргызстандык ишкерлер менен кызматташууга даяр! JIA бизнес ассоциациясы жана Индиянын соода өнө-жай палатасы эки өлкө ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Ага кыргыз тараптан JIA бизнес ассоциациясынын башкаруу мүчөсү Кантемир Амитов кол койду.
Жаштарга келсе ишке, кары келсе ашка! Эщелтен келе жаткан бул макалдын мааниси өтө тереңде жатат: бир жагынан улууларга буга чейинки кылган иши үчүн сый көрсөтүү керектиги болсо, экинчи жагынан келечектин ээси жаштар болушу керектиги айтылат. Устаттарынан жана мугалимдеринен эстафетаны алган жаштар күчкө толуп, өлкөдө жашоону жакшыртууга бел байлашы керек.
Мындай жаңычылыкка мисалды алыстан издеп кереги жок. Мисалы, JIA жаш ишкерлер ассоциациясын алалы. Кандай жаңы иштер тууралуу кеп болбосун алардын көбү дал ушул ассоциациядан. Анын жетекчиси Фархад Пакыровдун айтымында, бул ассоциация өткөн жылы 10 жылдык мааракесин белгилеген жана учурда курулуш, курулуш материалдары, тигүүчүлүк, айыл-чарба, азыктарды кайра иштетүү тармагында алектенген 800 ишкердин башын бириктирип турат.
Бирок бул бизнес ассоциациянын болжол менен 65%ы соода тармагындагы ишкерлер.
Алар ата мекендик өнүмдү экспорттоо маселесин активдүү колго алып келишет. Ал үчүн жакынкы жана ырааккы өлкөлөрдөн кардарларды издешип, Кыргызстанга инвестиция жана технология тартуу аракетинде.
JIA Миланда өткөн Экспо-2015 иш-чарасында Кыргызстанда бизнести жүргүзүү шарттарын келгендерге көрсөтүп, ошондой эле бал, пахта, кургатылган жемиш сыяктуу органикалык азыктарды даңазалашкан.
Ошентип ишкерлик чөйрөдө 1,2 миллиард рыногу бар Индия менен кызматташууну жолго салган JIAнын жетишкендиги тууралуу көптөгөн мактоолор айтылууда.
JIA ассоциациясынын аткаруучу директорунун орун басары Айдар Кубанычбековдун айтымында, Индиянын соода өнөр-жай палатасы менен меморандумга кол коюлду. Бул жергиликтүү ишкерлерге жаңы рынокту багынтууга мүмкүнчүлүк берет.
“Бул биздин ассоциациянын Индиянын Кыргызстандагы экс-элчиси Джаянт Кхобрагаде Намдерао менен болгон 2 жылдык ишинин натыйжасы Джаянт Кхобрагаде жубайы менен Бишкектеги жана аймактардагы органикалык азыктардын жарманкесине көп катышчу. Ал биздин өлкө, биздин органикалык азыктар, биздин жаратылыш жана меймандостук абдан жагарын бир нече жолу айткан жана Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгилеген. Анын демилгеси менен Бишкекке индиялык бизнесмендер келишип, «BIF-2016» деп аталган инвестициялык форумга катышышкан. Бул иш-чаранын уюштуруучуларынын арасында JIA да бар болчу. Форумга Индиянын 21 делегаты жана Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан жана Араб Эмираттарынан келген ишкерлер катышкан. Аймактардан 150 кыргызстандык ишкерлер келген”,-дейт Айдар Кубанычбеков.
“Индия жана Борбор Азия – кызматташуунун жаңы багыты” деп аталган темада талкуу болуп, Индиядан келген делегаттар медициналык туризм, фармацевт, таштарды иштетүү жана Таш-Көмүрдө таштан буюмдарды жасоо сыяктуу тармактарга кызыгуусун билдиришкен.

Үйлөрүнө барган соң Индиянын бизнесмендери биздин чакан жана орто ишмердүүлүк менен алек болгондорду чакырышып, алар менен жакындан таанышууну каалашкан. Натыйжада март айында 18 биздин ишкерлер, алардын 11и Бишкектен, Оштон, Жалал-Абаддан келген JIA мүчөлөрү Экономика министрлигинин Инвестицияны жана экспортту илгерилетүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте Индиянын соода жана өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушкан. Бул 200 мүчөдөн ашуун адам! (Салыштыра турган болсок Кыргызстандын соода жана өнөр-жай палатасында 1 миңдей өкүл бар! )
Алгач Нью-Делиде Индо-кыргыз II бизнес-форумда Кыргызстандын Индиядагы элчиси Самаргүл Адамкуловатарабынан инвестициялык мүмкүнчүлүктөр презентация болуп, 100 индиялык компаниялардын кызматкерлери менен сүйлөшүү жүрдү.
Индиялыктарды биздин бал, төө буурчак, чечевица, как, мейиз, мисте сыяктуу органикалык азыктарыбыз кызыктырып, алар көпкө ойлонбостон кыргызстандыктарды Чинай шаарын көрүүгө чакырды. Ал жактан индиялык экспорттун 40%ы ташылат.
Делегация мүчөлөрүнүн айтымында, жол алыс экен – учак менен Нью-Делиден 3 саата жетсе болот, бирок каражат жана убакыт текке кеткен эмес. Чинайда жергиликтүү соода өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү менен жана Индиянын бизнес-ассоциациясы менен жолугушуулар болду. Чинай – терини иштетүү, кездеме чыгаруу, медициналык туризм жана IT-технология боюнча дүйнөдө лидер болуп саналат.
“Индиялыктар биздин кызматташууга кызыкдар экенибизди көрүшүп биздин азыктарга талап бар экенин айтышты. Ошондой эле түз аба каттамы бар экенин билдиришти. Бишкек-Дели каттамы боюнча болгону 2,5 саат учасың. Бул Бишкек-Москва, Бишкек-Стамбулга караганда бир топ жакын. Сүйлөшүүдө Борбордук Азия аймактары менен иштешүүгө даяр болгон логистикалык борборлордун дагы бар экендиги чоң роль ойноду. Бизнесте «tet a tet» сүйлөшүү, экспорт-импорт тармагында кызматташууну байкап көрүү маанилүү роль ойнойт”,-деди Фархад Пакыров.
Эмне дейбиз, старт берилди! Эки өлкө ишкерлери ортосунда көпүрө курулду. Ийгилик каалайбыз!
Ирина Байрамукова