Индия криптовалютаны сатуу менен алектенген он миңдеген адамдарга салык төлөө тууралуу кат жиберди. Улуттук изилдөөлөр 17 ай ичинде 3,5 млрд доллардан ашуун транзакция жүргөнүн көрсөткөндөн кийин өлкө ушундай жыйынтыкка келгенин Reuters жазып чыкты. Техникалык жактан билимдүү жаш инвесторлор, кыймылсыз мүлк менен алектенгендер, зер буюмдарды саткандар биткоинге жана башка виртуалдуу валюталарга акча салышкан. Бул тууралуу маалыматты кошумча нарк салыгы департаментинин аткаминерлери Мумбаидеги, Делидеги, Бангалордогу, Пунадагы 9 биржадан чогултулган маалыматка таянып билдиришкенин vestifinance.ru. жазып чыкты.
Индиянын өкмөтү санарип валюталарга инвестиция салууга каршы экенин бир нече ирээт билдирген. Өлкөнүн бийлиги аларды каржы пирамидаларына салыштырышып келгени менен азыркыга чейин бул тармакка чектөө киргизишкен эмес.
Кошумча нарк салыгы департаментинин түштүк штатындагы башкармалыгынын жетекчиси Б.Балакришнан виртуалдык валюталарды сатуу тууралуу изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин гана салык салуу тууралуу каттар таратылды.
“Биз буга көз жума албайбыз. Алардын мыйзамдуулугу тууралуу чечимди күтүп отура берсек катастрофа болмок”,-деди ал.
Салык департаменти биткоин жана башка виртуалдык валюталарды саткан адамдарды киреше салыгын төлөөгө чакырды. Аткаминерлер алар каржы булактары тууралуу жана канча каражат салып жатышканы жөнүндө дагы толук маалымат берүүлөрү керектигин айтышты.
Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн өкмөтү криптовалюталар менен болгон сооданы жөнгө салууга аракет кылып келишет. Саясатчылар бул маселени Аргентинада мартта өтчү G20 саммитинде талкуулашары күтүлүүдө.
Былтыр биткоиндин курсу 1700% жогорулаган. Биткоин декабрь айында 20 миң долларга чейин чыккан. Инвесторлор болсо криптовалютага чектөө кириши мүмкүн деп коркуп келишет. Түштүк Кореянын аткаминерлери болсо өлкөдөгү криптовалюта биржаларын жабуу мүмкүнчүлүгүн карашууда.
Буга чейин Кытай криптовалюталарды сатууга катуу көзөмөл жүргүзүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Кытайдын элдик банкынын өкүлү бийлик виртуалдык валюта саткандарга тыюу салуу керектигин билдирген болчу.