Бир тууган Масктар галактиканы колго алууну пландап жатышкандай, дегенибиз Илон Маск Марста мегаполис куруп баштоону пландап жатыптыр. Учурда дүйнөнүн каалаган бурчуна ракета менен бир сааттан аз убакытта жетсе боло турган долбоорду ишке киргизүү алдында турушат.
Square Roots негиздөөчүсү Кимбал Маск долбоордун негизги максаты — дүйнө жүзү боюнча портативдик фермаларды жайылтуу жана заманбап өнөр-жайда төңкөрүш кылуу экенин билдирип келет.
Шаардагы фермерликти өнүктүрүүчү долбоор октябрда даярдалган фермерлердин алгачкы командасын чыгарат. Тандоодон өткөн 10 фермер контейнерлик фермалар менен иштөөнү иликтеп жана өз өнүмүн сатуу боюнча бир жыл окуудан өтүшкөн.
Ар бир портативдик фермадан күнүнө болгону 30 литр суу коротуп 22,6 кг жалбырак өсүмдүктөрүн алса болот. Square Roots шаардагы фермалардын мындай модели кеңири жайылып, суроо-талап күч болот деп санайт.
Шаардагы фермерлер темасы дүйнөдө популярдуу болуп келүүдө, портативдүү шаардык фермаларды иштеп чыгууну Exsilio Oy деп аталган фин командасы дагы колго алган. Алар 13 метр узундуктагы модулдарды иштеп чыгышкан. Ал жерлерде жашылчалар, чөптөр үчүн атайын орундар жасалган. Аны менен катар эле бул фермалар иштеши үчүн суу жана электр энергиясы жетиштүү. Бул демек, контейнерлерди шаарда, ресторандардын, дүкөндөрдүн жанында же үйдө кармаса болот дегендик.
Мындай фермалардын эффективдүүлүгүн Plenty компаниясы көрсөткөн. Алар күнөсканаларга жана талаага караганда мындай фермалар 350 эсе көп жемиш бере аларын далилдешкен, жана жылына 30 жолу тушүм жыйнаса болоорун билдиришкен.
Бул учурда болсо…
IKEA соода тармагы жашылчаларды үй шартында өстүрүү үчүн Lokal деп аталган гидропондуу ферманын портотибин сунуштоодо. Светодоиддер менен жабдылган вертикалдуу жөөктөр 3 эсе көп түшүм алууга жардам берет. Салттуу фермаларга караганда бул жерде суу 90% аз колдонулат.
Фермадагы өсүмдүктөр бардык минералдык заттарды жана азыктандыруучу нерселерди атайын аралашма аркылуу алат дагы бул жерде топурак колдонулбайт. Ошондой эле бул фермалар күн нуруна муктаж эмес – анын ролдун светодоиддер аткарат.
Анын натыйжасында түшүмдү жыл бою алууга болот. Орточо эсеп менен Lokal салттуу фермага караганда 3 эсе көп жашылча өстүрө алат.
Инженерлер ферманы атайын сигнал берүүчу жабдуу менен жабдып, машиналык система аркылуу өсүмдүктөрдүн абалын билип турууга мүмкүн болгудай ыкма колдонгону жатышат. Аны менен катар эле ферма ээлери өсүмдүктүн абалы менен Google Home үн жардамчысы аркылуу билип тура алышат. Система качан базилик отургуз керектигин жана түшүмдөрдү качан жыйнаса болот экенин айтып берип турат.
Lokal фермасы үй шартында жалбырак чөптөрдү өстүрүүгө кызыкдар.
Европалык рынокто чакан үй фермалары пайда боло баштады. Бул каалаган адамдарга ферма курууга көмөкчү болот.
Кыргызстанга бул жаңы технологиялар качан келет? Биздин өндүрүүчүлөр дүйнөлүк рынокту эске алуу менен өнүгүүгө даярбы?
Акырындан өнүгүп келе жаткан ата мекендик айыл-чарба тармагына эч кандай коркунуч туулбай эле. “Жашыл экономика” жана “экологиялык жактан таза” өнүмдөр тууралуу чакырыктар жок дегенде дагы 10 жыл актуалдуу болот.