• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ИКАО Кыргызстанга биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшөт

99-4

👁 844

Премьер-министр Сапар Исаков Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумга катышуусунун алкагында Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Баш катчысы Фан Лю менен жолугушту.

Премьер-министр өлкө Өкмөтү тарабынан бардык тармактарда, анын катарында жарандык авиация жаатында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

«Жарандык авиацияда жүргүзүлүп жаткан реформалар өлкөдө экономиканын, бизнестин, туризмдин, логистиканын, анын ичинде жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуунун өнүгүүсүнө түрткү берет. Биз эл аралык авиакомпаниялар үчүн рынокту ачууга мүмкүндүк берген «асманыбызды ачууга» багытталган реформаларга умтулуудабыз. Биз мунун татаалдыгын түшүнөбүз, бирок биз чечкиндүү туруудабыз», – деди Сапар Исаков.

Өкмөт башчы өзгөчө басым учуулар коопсуздугун жана авиациялык тармакты координациялоонун ырааттуу тутумун киргизүүнү, авиаоператорлордун ишин жакшыртууну, ошондой эле эл аралык стандарттарга ылайык мыйзам базасын камсыздоого жасалаарын белгиледи.

Өз кезегинде Фан Лю жарандык авиацияны реформалоо боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

«ИКАО өз кезегинде долбоорлорду баштан аяк ишке ашырууга катышууга даяр. Мындан тышкары, биз эксперттик колдоо көрсөтүүгө, тактап айтканда, сиздердин авиациялык рынокту ачуу боюнча биргелешкен ишти баштоо жана аны кенен иликтөө үчүн аймактык делегация жиберүүгө даярбыз. Ошондой эле жергиликтүү кызматкерлерин адистигин жогорулатууда иш алып барууга даярбыз», – деди ИКАО Баш катчысы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости