• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ИДПнын номиналдык көлөмү 132,7 млрд сом деңгээлинде түздүлдү

img_9871

👁 573

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин болжолдуу маалыматы боюнча 2018-жылдын январь — апрелинде ИДПнын анык өсүшү 1,3 пайызды түздү, бул 2017-жылдын тийиштүү мезгилинен 5 пайыздык пунктка төмөн, ал эми ИДПнын номиналдык көлөмү 132,7 млрд сом деңгээлинде түзүлдү.

“Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 2,5 пайызды түздү (2017-жылдын январь — апрель айларында 2,3 пайызга өскөн).

2018-жылдын январь — апрель айларындагы керектөө бааларынын индекси өткөн жылдын декабрына карата 0,6 пайызды түздү (2017-жылдын январь — апрелинде 2016-жылдын декабрына карата 2,2 пайызды түзгөн).

Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине карата керектөө бааларынын индекси 2,9 пайызды түздү (2017-жылдын январь — апрелинде 2016-жылдын январь — апрелине карата 2,1 пайызды түзгөн).

Доллардын эсептик курсу 2017-жылдын апрель айынын аягына карата 1,90 пайызга жогорулап, 2018-жылдын апрель айынын аягында 1 АКШ доллары 68,7841 сомго барабар болду.

2018-жылдын январь — апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүш өнүмдөрүн өндүрүү, реалдуу алганда, 1 пайызга төмөндөдү (2017-жылдын январь — апрелинде 36,4 пайызга өскөн). Өнөр жайда, “Кумтөрдү” эсепке албаганда, 6,1 пайызга өсүш (2017-жылдын январь — апрелинде 24,6 пайызга өскөн) болду. Энергетика секторунда — 3,6 пайызга реалдуу өсүш байкалды. Кайра иштетүүчү өнөр жай жана пайдалуу кендерди казып алуу боюнча – 0,3 пайыз жана 19,4 пайыз төмөндөө орун алды.

2018-жылдын январь — апрелинде кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү реалдуу өсүш 1,7 пайызды түздү (2017-жылдын январь — апрелинде 0,7 пайыз азаюуну түзгөн). Дүң жана чекене соода, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо кызматтарынын өсүшү 5,1 пайызды түзгөн, муну менен бирге чекене сооданын өсүшү (автомобилдерди жана мотоциклдерди сатуудан тышкары) 3,1 пайызды түздү.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрү 2018-жылдын январь — апрелинде 6,4 пайызга көбөйдү (2017-жылдын январь — апрелинде 6,9 пайызга өскөн).

Почталык жана чабармандык иш кызматтары 2018-жылдын январь — апрелинде 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1 пайызга көбөйдү, байланыш кызматтары 7,5 пайызга төмөндөдү, тарифтик кирешелер 7 млрд 287,9 млн сомду түздү.

Жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтары 2018-жылдын январь — апрелинде 2,9 пайызга өстү. Транспорттун бардык түрлөрү менен ташылган жүктөрдүн көлөмү 2,3 пайызга көбөйдү (2017-жылдын январь — апрелинде 2,8 пайызга өскөн).

2018-жылдын январь — апрелинде айыл чарба, токой чарба жана балык уулоо өнүмдөрүнүн көлөмү 30 млрд 973,1 млн сомду, өсүш 1,7 пайызды түздү.

2018-жылдын январь — апрелинде негизги капиталда инвестицияларды өздөштүрүү деңгээли өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бардык каржылоо булактарынын эсебинен 4,4 пайызга өстү (2017-жылдын январь — апрелинде 2,9 пайызга өскөн). Отчёттук мезгилде иш жүзүндө 26 млрд 597 млн сом негизги капиталда өздөштүрүлдү.

Курулуштун дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 2018-жылдын январь — апрелинде 5 пайызга өсүш менен 24 млрд 160,4 млн сомду түздү (2017 жылдын январь — апрелинде 9,2 пайызга төмөндөгөн).

Расмий катталган жумушсуздардын саны 2018-жылдын апрель айынын этегинде 63 миң адамды түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,4 пайызга көбөйгөн (2017-жылдын январь — апрелинде 2,6 пайызга өскөн).

Орточо айлык эмгек акынын реалдуу өсүшү 2018-жылдын январь — мартында 3,3 пайызды түздү, номиналдык жактан туюнтканда орточо айлык эмгек акы 15 120 сом деңгээлинде түзүлдү.

Алдын ала маалыматтар боюнча тышкы соода жүгүртүү 2018-жылдын январь — мартында 1 млрд 560,2 млн АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын январь — мартына салыштырмалуу 19,7 пайызга өскөн, анын ичинде экспорт –372 млн АКШ долларын (12,7 пайызга төмөндөө), импорт – 1 млрд 188,2 млн АКШ долларын (35,4 өсүү пайызга) түздү.

Экспорттун көлөмүнөн импорттун көлөмү өсүп кеткенине байланыштуу соода балансынын терс сальдосу 816,2 млн. АКШ долларын түздү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости