Ички абал кандай? Бул тууралуу биздин кесиптеш Эркеайым Джумалиева билип көрдү.
Кыргыз Республикасынын тоо-кен тармагына инвестиция салуу чечимин кабыл алган Инвестор кандай кыйынчылыктарга туш болот?
Биз лицензия алуу боюнча баштапкы этаптарга токтолбойбуз жана конкурстар, аукциондор тууралуу талкуулабайбыз. Биз Инвестор кыргыз рыногуна келип туш болчу маселенин бир бутагына көңүл бөлүүнү чечтик. Ал бөлүнгөн жерге болгон укук.
Лицензия алып Инвестор биринчи кезекте бөлүнгөн жерди каттатуу үчүн кен жайгашкан аймакка тиешелүү болгон өзүн өзү башкаруу органдарына барат. Бул арыз жергиликтүү кеңештин жыйынында каралат.
Тилекке каршы, жергиликтүү кеңеш өкүлдөрү кен иштетүүчү жерди бөлүп берүү тууралуу аз маалыматка ээ болушат. Негизинен кен жайгашкан суралган жерлер тоолуу айыл аймактарында жайгашат жана жайыт категориясына кирет.
Жайыттар болсо өз кезегинде Мамлекеттин менчиги жана Жайыт Комитети аркылуу жайыт колдонуучуларга берилген.
Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жайыттар ижарага дагы менчикке дагы берилбейт, ошондуктан Инвестор жер тилкесин бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү (трансформация) тууралуу маселени чечүүсү керек. Ошондуктан ал жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарына кайрылат, алар болсо өз кезегинде жерди трансформациялоого макулдук берүүлөрү зарыл.
Чет элдиктерге калксыз аймактагы жер тилкелерин берүү маселесин Кыргыз Өкмөтү чечет. Бирок, жерди берүү маселесин чечүүдөн мурда айыл-чарба багытында колдонулган жерди бир категориядан экинчи категорияга өткөрүү керек. Дал ушул жерден кызыктын баары башталат:
Азыркы мыйзамдын нормаларына ылайык, Кыргызстандын Өкмөтү — айрыкча баалуу айыл чарба жерлерин (айдоо аянттары, көп жылдык өсүмдүктөр, кен чыккан жерлер,маданий жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабыктар жана жайыттар) башка анча баалуу эмес жерлерге же жерлердин башка категориясына которот;
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жер участоктору жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен:
- баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин чарба жерлеринин кыйла баалуу түрлөрүнө, баалуулугу теңдеш айыл чарба жерлерин — бир түрдөн башка түргө которот;
- калктуу конуштардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
- запастагы жерлерди башка категорияларга которот;
- өнөр жайы, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди, транспорт жана коргоо объекттерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерди кошпогондо, жерлердин башка категорияларына которот;
- кыйла баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жана өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынын жер участокторун, запастагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.
Аз баалуу айыл чарба жерлерин эмне кылуу керек деген суроо туулат.
Бул суроонун жообу төмөнкүдөй: “Эч нерсе. “Айрыкча баалуу айыл чарба жерлери” категориясына кирбеген жер тилкелери эч кимдин карамагына алынган эмес. Өкмөт да, райондук мамлекеттик администрация дагы эч кандай укукка ээ эмес
Белгилей кетчү нерсе, кендер бар жерлердин баары айрыкча баалуу айыл чарба жерлерине кирбейт жана жөнөкөй эле жайыт катары каралып келет.
Жалпылап айтканда биздин рынокко келип, кенди иштетүү үчүн лицензия алган Инвестор эгер кендер баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлеринде жайгашкан болсо жер тилкесин каттоо маселесин чече албай, лицензиядагы макулдашуу шарттарын аткара албай калат.
Жогоруда айтылган мисалдардан улам бийик трибуналарда туруп алып инвестициялык абалды жакшыртуу тууралуу сүйлөп, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү аракетин көрүп жаткандары Инвесторлордун ишин дагы кыйла оорлоштуруп жаткандай сезим калтырат. Буга мисал жер бөлүп берүүдөгү абал.
Эгерде мыйзам чыгаруучулар чындыгында эле жер бөлүп берүү процедурасын жеңилдеткилери келсе, анда учурдагы мыйзамдын бардык нормаларынан тоо-кен тармагына байланыштуу жерлерди трансформациялоону алып салуусу керек эле.
Бул учурда жер тилкелери Мамлекеттин дагы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын дагы ээлигинен чыкпайт болчу жана өндүрүш бүткөн соң ал жерлер кайрадан айыл-чарба тармагына кайтарылмак.
Дагы бир суроо, Жер тилкеси убакыт өткөн соң кайра өз категориясына келе турган болгон соң, анын категориясын убактылуу өзгөртүү канчалык максаттуу? Өндүрүш бүткөн соң жерди өнөр-жай категориясынан айыл-чарба категориясын трансформациялоо ишин ким жүргүзөт?
Бардык маселени кайрадан Инвестор чечеби?