Былтыр экономикалык өсүш 4,6 пайызды түзүп, болжолдуу көрсөткүчтөн 1,1 пайызга жогору болду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берип жатканда белгилүү болду.
Ички дүң өндүрүмдүн көлөмү 521 миллиард сомду түздү. Экономикалык өсүш бардык тармактарда камсыздалып, өнөр жайдагы реалдуу өсүш 11,5 пайызды түздү.
Ошол эле учурда «Бизнести жүргүзүү» көрсөткүчүндө эки позицияга жоготуу болду. Буга «Электр энергиясына кошулуу», «Салык администрациясы», «Келишимдерди аткарууну камсыздоо» багытындагы төмөн көрсөткүчтөр таасирин тийгизген.