2018-жылдын I жарым жылдыгында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 61 млрд 470 млн 289,1 миң сом суммасында ишке ашырылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Анын ичинен бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек акысына 15 млрд 509 млн 937,4 миң сом;
калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 3 млрд 883 млн 205,6 миң сом;
социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 19 млн 708,9 миң сом бөлүндү.