Мектепте мугалимдик кесипте эмгектенген Хафизанын турмушун аймак башчысы Алымовдун сунушу башка багытка өзгөрттү. Бул сунушту туура түшүнүү менен кабыл алган Хафиза эртеси эле күнү ишти баштады. Айылдагы аялдар менен сүйлөшүп ремонтту талап кылган бир бөлмөнү ремонттоого киришишти.
Свет түшурүүгө, эски столдорду ремонттоп коюуга ага айылдык усталар жардам беришти. Ушул эле мезгилде көп тармактуу айыл чарба кооперативи катары юридикалык жак катары күбөлүк алууга да жетишти. Аялдардын үйдө иштетип жаткан кол машиналарын жыйнап ошол өздөрү уюштурган бөлмөгө жайгаштырышты. Мына эми ишт өөчү жай даяр.
Мындай учурда «Казакмыс голд Кыргызстан» компаниясы менен түзүлгөн келишим ишкананын бутка туруп кетүүсүнө да, айыл элинин ишенимин пайда кылууга да негизги шартты т үздү. Хафизанын кайрылуусуна оң жооп болуп Башкы директор өз колу менен 2 тигүү машинасын тигүүчүлөргө тартуу кылды.
Ошол эле учурда компанияга пробалык жана геохимиялык мешокторду постелдерди тигүу жөнүндө келишим тузулуп айылдын аялдарына иш орундар пайда болду. Өнүктүрүү саясат институту тарабынан жаны демилгелер конкурсуна катышып проект жазып тигүү цехи үчүн алгачкы 30 миң сомдук буюмдарды утуп алууга жетишти.
Хафиза Америкалык Чакан жана орто бизнестеги аялдардын лидерлиги программасына катышып конкурстун жеңүүчүсү катары жүз миң сом утуп ага ар түрдүү функцияларды аткара турган 6 тигүү машинасын алды.
Көп тоскоолдуктарга карабай айыл аймагынан аукциондун негизинде жер алды. Хафиза муну менен гана чектелбестен жазгы жана күзгү күнөскананы куруп андан алган түшүмүн айылдаштарына жана компанияга тапшырып жүрдү. Айылдыктарга мындай иштерди жасаса боло тургандыгы жөнүндө маалымат берди жана аны иш жүзүндө көрсөттү.
Хафиза башкарган айыл чарба кооперативи « Бозумчакголдсервис» кооперативи деп аталат. Айылдын аялдары кооперативге мүчө болуп кирүү менен 3 багытта иш жүргүзүшөт.
Тигуу цехи компаниянын гана эмес аймактагы орто мектептин балдар бакчасынын, жатак мектептин ар түрдү заказдарын аткарышат. Аялдардын бир тобу унутулуп бараткан өрмөк согуу менен алектенип андан көз жоосун алган ат жадыктарын: жабуу, токум сыяктуу буюмдарды жасашат дагы бир топ кийиз жасоо менен алектенет.
Мындай буюмдарга азыр талап жогору. Ушул буюмдар менен Хафиза Республикадагы Айыл чарба Көргөзмөлөрүнө областтык райондук Көргөзмөлөргө дайыма катышып турат. Р
айондун Аймактын экономикасын көтөрүүдөгү кошкон салымы үчүн бир нече Ардак Грамоталарга татыктуу болгон. Алдыда дагы ишканаларды ачсам деген максаттары бар. Ош шаарында өткөн ишкерлердин семинарында телевидение аркылуу «Иштейм деген адамга Кыргызстанда бардык шарттар бар», деп сүйлөгөнү эсимде калыптыр.
Ал быйыл өткөн Көчмөндөр оюнуна да кыргыздын боз үйү жана буюмдары менен алып барып чет элдиктерге кыргыз турмушу жөнүндө маалымат берди. Хафиза эс алууга чыкса да иштегенден тажабайт. Үй бүлөсү менен дагы жаңы пландарды ишке ашыруу максатында.
Бозумчактагы жумушчулардын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында компания бул жерде магазин ачкан. Мында да көп тармактуу « Бозумчак голд сервис» Кооперативи менен келишим түзүлүп магазинде эки адамга иш оруну ачылды. Хафиза азыркы мезгилде компаниянын «Бозумчак» газетасында Ала- Бука району боюнча кабарчысы, ошол эле учурда райондук газета менен да активдүү байланышта.
Уулдары жана келиндери анын негизги жардамчылары. Жакында ал жүн тытуучу станокту алып келип айылдаштарынын кол эмгегин жеңилдетүү максатын көздөп жатат.