Бул суроого “Байтур” корпорациясынын иш башкармалыгынын жетекчиси Гульбара Эраалиевна жооп берет.
Бул ишкерликтин туп-туура 12 түрүн бириктирген — Кыргызстандын рыногундагы көп профилдүү бирден-бир ийгиликтүү корпорация. Мына 25 жылдан бери “Байтур” корпорациясы алдыга ишенимдүү кадам шилтеп келет. Бул биздеги иштеген адамдардын сиңирген эмгеги.
“Кадрлар баарын чечет” деген сөздүн чыныдыгын ушул жерден көрөсүң. Ал эми кесипкөй кадрлар- баарыдан мурда сапаттуу билим алышы керек. «Мен Алмата технологиялык университетинин тамак-аш өнөр жайы боюнча адистигин бүтүргөм. Бүгүнкү күнгө чейин советтик билимдин методикасына жана сапатына суктанып келем. ЖОЖду бүткөнүмө канча жыл болду, а мен электротехниканы жана “жарандык курулушту”, “жылуулук техникасын”, “гидроваликаны” ж.б. предметтерди эсиме сактап келем. Мындан тышкары мен бул илимдерди дайыма өзүмдүн ишиме колдономун”,- дейт Гүлбара Эраалиевна.
Мисал келтирсем — «Байтур» компаниясы шаардыктардын спа-процедура алуучу жагымдуу жайы болгон өзүнүн шаардык мончосу үчүн ири күн жабдуусунун курулушун жүзөгө ашырды. Гүлбара Барыктабасова ойлоп табуучу Н.Рыжков менен кезиккенде анын бардык техникалык билими ишке жарады.
Негизи анын илимге болгон кызыгуусу 1-класстан башталган десек болот, натыйжада Каракол шаарындагы Киров атындагы орто мектепти Алтын медал менен бүтүрөт. Андан кийин ар түрдүү ишканаларда өндүрүштүк тажрыйба алат. Каракол нан заводунда лаборанттан өндүрүштүн жетекчилигине чейинки татаал жолду басып өтөт. Өкүнүчкө жараша кайра куруу жылдарындагы кыйсыпырда завод жабылып калып, төрт баланы багуу үчүн таңдан кечке базарда иштөөгө туура келген.
Кайра куруудан кийин турмуш өз жолуна түшө баштаганда КР Өкмөтүнүн алдында ишкерликти өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлөт. Гүлбара Эраалиева ал жерде 2000–2003-жылдары маалыматтык-аналитикалык бөлүмдө иштейт.
«Бул мага көптөгөн ишкерлер менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түздү, акырындап эч кимге көз карандысыз орто жана чакан бизнес структурасын уюштуруп аны жетектедим”. Кыргызстандын ишкерлер союзу ошентип түзүлгөн, ал эми биздин каарманыбыз анын аткаруучу директору болуп калат. Кийинчерээк ал жеке өндрүштүк структураларда иштеп, Евразиялык Ишкерлер кеңешинде орун басар болот. 2008-жылдан Гүлбара Эраалиева “Байтур” ишканасында азыркы кызмат ордунда иштеп келет.
«Менин эмгек жолум мага коммуникация чөйрөсүндө чоң тажрыйба жыйнаганга, азыркы шарттарда Кыргызстанда адам эмгегинин ресурсу кандай болушу керектигине үйрөттү. Моюнга алсам, мен өзүмдүн китебимди жазууну да ойлоп жүрөм, анда ата мекендик ийгиликтүү ишканалар “сыртынан жана ичинен” кандай болушу керектигин, ошондой эле алардын жетекчилери кандай мүнөзгө ээ болушу зарылдыгын айткым келет. Мына күн баарына тегиз тийет, бирок бардык эле жетекчилерди мыкты деп айта албайсың.”, дейт ал.
Биздин маектешибиздин айтканы боюнча, бүгүнкү күндө корпорацияда 1000дин тегерегинде киши иштейт. Ал эми туристтик сезон учурунда 1200–1500 адамга жетет. Ар бир кызматкер – бул турмушка, ошол эле жумушка өзүнүн калыптанган көз карашы бар жеке адамдар. Алардын ар бири өзүнчө уникалдуу жана кызыктуу, ал эми жетекчинин милдети потенциалдуу кызматкер менен биринчи таанышкан күндөн тартып анын жөндөмүн жана адатын үйрөнүп, аны кийин ыктуу колдоно билиши керек.
Бул компьютерде сканерлөө сыяктуу эле нерсе: адам компанияга кандай ниет менен келди, аны ишке алса болобу, жокпу, атүгүл компаниянын кызыкчылыгы үчүн анын жөндөмдүүлүктөрүн максималдуу өнүктүрүү керектир.Гүлбара Эраалиеванын айтымында “жолдун жээгинен канча дарак көрдүң” деген жөнөкөй суроо адамды мүнөзүн аныктап, анын таза же таза эмес, сергек же шалаакы, максатка умтулган же кайда бараарын билбеген адам экенинин айтып турат.
Биринчи кезекте, жакшы жетекчиде анын карамагындагылардын жеке сапаты, экинчиден – анын кесипкөйлүгү турушу керек. Эмне үчүн? Анткени жамааттагы жакшы климат — баарынын тынч жана ырааттуу иштешинин кепили. Өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө көпчүлүк жетекчилер жалдаган кызматкерлердин кесиптик сапатына көбүрөөк карашат, ал эми иште анын жаман сөзү же башка жактары көрүнөт, аны баары бир иштен бошотууга туура келет.
Бүгүнкү күндө адамдардын көпчүлүгү ишке иштегени келишпей. Акча тапканы келишкени өкүндүрөт, бул деле ошол. Андыктан мындай адамдардын биздин компанияны жандап эле өтүшкөнү оң, дейт Г. Барыктабасова.
Дал ушул себептен Гүлбара Эраалиевна жумушка туугандарды алууга кеңеш бербейт. Бирок белгилүү адабий каарман помещик Фамусов “Акылдан азап” поэмасында: «Жакын адамды кантип кубандырбай коесуң” дейт эмеспи. Көрүнүп тургандай жетекчи кимдир бирөөнүн сунушу менен же туугандарын алган учуру болот. Антейин десе бардык эле туугандардан баалуу кызматкер чыга бербейт, бирок башка кызматкерлер ал тууралуу бирдеме деп айтышы да кыйын: кымындай эле болоор–болбос сын айтуу жүрөккө жакын кабыл алынып, жамааттын ичиндеги кырдаалды бир топ эле бузуп коюшу мүмкүн. Же сунуш кылган адам өзүнө кандайдыр бир жоопкерчиликти алып. Өзүнүн ишинен да алагды болот. Же болбосо дайыма ишкерлик мамиледен үй бүлөлүк мамилеге өтүп турууга туура келет.
Туугандар кызматтык жактан өсүүнү дайыма аңдып турушат, жетекчиликтин пландарын кулак түрө күтүшөт, башкалардан озунуп өзүнүн чечимине автоматтык түрдө макулдугун бере салат. Эртедир кечтир үй бүлөлүк жана жумуш маселесинен чыр чыгат, практика көрсөткөндөй мында туугандар менен эмгек келишимин бузуу канчалык кааласаң да кыйын. Гүлбара Барыктабасова кызматкерлердин билимин жогорулатуу үчүн дайыма семинарларды өткөрүп туруу керектигин билдирет. “Кызмат”, “Кызмат көрсөтүү маданиятын жогорулатуу”, “Кардардын каалоосу баарынан жогору турат” сыяктуу семинарлар көп өткөрүлүшү зарыл. Башкача айтканда корпоративдик иш-чаралар аркылуу кызматкерлердин башын бириктирип, ар кандай оюндарды, психологиялык тренингдерди өткөрүп туруу зарыл. Бул максаттарга жетүү үчүн жалпы коллективге активдүүлүк тартуулайт.
“Жакшы жетекчи дайыма билимин тереңдетип туруусу керек. Жашооңдун акырына чейин билим алууга тырышуу зарыл. Кызматкерлердин каржылык билим алуусуна дагы шарт түзүү зарыл. Баалуу кызматкер дайыма курстарга барып туруусуна өбөлгө болууга аракет кылам: мисалы, кызматкер официант болуп жакшы иштейт, бирок психология жактан аксашы ыктымал, демек, психология боюнча билим алуу ашыкча болбойт. Ал каражаттарын туура пайдаланууну билүүсү керек. Жаш балдар жана кыздар бизде иштешкени менен акча чогултууну билишпейт. Мен жетекчимин жана аларды окутуум керек. Алар биринчи кезекте керек болгон нерселерге акчаларын коротуп, калгандарын сактоосу зарыл. Ал үчүн “Байтурда” чогултуу системасы иштейт, бардык кызматкерлер каражаттарын депозитке салышса болот.
Ошондой эле бизде бири-бирине жардам берүү үчүн касса ачылган, адамдар ооруп калышса же бир башка кырдаалдарга туш болгондо бири-бирине жардам беришет. Адамдык сапат коллективде маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Э\Ал эми жетекчи болсо коллективде принципиалдуу, адамгерчиликтүү кээде катаал болуусу керек. Эгерде кызматкер эрежелерди бузган болсо, алгач сүйлөшүп көрөм, экинчи жолу кайталанса административдик чараларды колдоном, үчүнчү жолкусунда кызматкерди жумуштан кетирем! Жакшы жетекчи кызматкердин жакшы эмгегин баалаганды гана билбестен керектүү болгон учурда жок деп айта билүүсү да зарыл. Бирок адамдын жеке сапатына өтпөө, кыйкырбоо керек. Ошол эле сөздөрдү акырын жана аргумент менен айтуу маанилүү ролду ойной ”,-дейт башкаруучу.
Айым жетекчиде кандай сапаттар болуусу керек деген суроого Гүлбара Эраалыевна төмөнкүчө жооп берди: “Учурда бизнестин жүзү көбүнчө айымдар болууда. Жетекчи айым – энелик жылуулук берип туруусу зарыл, ийкемдүү болуп, үй-бүлөдөгүдөй жылмайып жүрүүсү керек. Коллектив дагы бир чоң үй-бүлө, ошондуктан жетекчи айым ар бир кызматкерге кам көрүп, ар бирин жылуу тосуп алып, жылуу узатуусу керек”.
Бирок эркек жана айым жетекчи болобу компания динамикалык түрдө өсүүсү үчүн лидер тажрыйбалуу жана билимдүү болуусу жетиштүү эмес. Гүлбара Эраалиевна лидер харизмалуу болушу керектигин жана өз рыногунда биринчи болуу зарылчылыгын белгилеп өттү.
Ирина Байрамукова