• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Грузия Кыргызстандан айыл-чарба өнүмүн алууга кызыкдар

korporatsiya-ayu-36

👁 708

2017-жылдын 29-ноябрында КРнын Экономика министри Артем Новиков Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Зураб Абашидзе менен жолугушканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр А. Новиков соңку учурда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, саясий кызматташтык өнүгүп жатканын белгилеп, бирок аны жаңы деңгээлге жеткирүү зарылдыгын айтты.

2016-жылы жазында Тблиси шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-грузия өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи жыйыны болгон.

Министр бул платформа экономикалык мамилелердин өнүгүүсүнүн негизги куралы экенин билдирди.

Ошондой эле “Таза коом” долбоорунун алкагында Грузиядан инвестиция тартуу демилгелери колдоого алынарын кошумчалады.

Өз кезегинде грузин элчиси анын өлкөсү Кыргызстандан айыл чарба продукциясын, анын ичинде кургатылган жемиштерди, төө буурчак ташууга кызыктар экенин айтты. Ошону менен бирге Кыргызстанга минералдык суу, грузин виносун алып келүүгө даяр экенин белгиледи.

Зураб Абашидзе Грузия коррупция жана криминал менен күрөшүүдө үлгү болуп келгенин кошумчалады. Бизнес рейтинги боюнча Грузия 16-орундан 9-орунга көтөрүлгөн. Ошондой эле элчи 2017-жылдын 30-октябрында «Баку-Тбилиси-Карс» темир жолу ачылганын белгиледи. Ал жол Азербайжан, Грузия, Түркияны бириктирип турат. Бул темир жол жүк ташуулардын мөөнөтүн 15 күнго кыскартат.

Жолугушуунун натыйжасында тараптар 2018-жылы өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүүгө даярдыктарды көрүү тууралуу сүйлөшүштү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости