Алардын арасында Кыргыз-орус славян университетинин гидроэнергетика лабораториясынны башчысы, «Гидропульс» АКсынын илимий кеңешчиси Григорий Рогозин да бар.
Григорий Рогозин – гидротарандарды мыкты билет жана жакшы көрөт. Эң башкысы – кысым күчтүү болсо болду. Гидротарандын негизин гидровалдык күч түзөт – түтүктөгү басымды тез жогорулап, түтүк жарылып кетпеси үчүн крандар суунун агымын акырындан өткөрүп турат.
Маалымат үчүн. Сууну белгилүү бир бийиктиктерге чейин көтөрүү үчүн кандай күч керек деп адамзаты илгертен эле ойлонуп келген. Натыйжада чечимдер пайда болгон. Алардын бирин XVI кылымда эле механик Агрикола сунуштаган, анын жардамы менен терең шахталардан сууларды сордуруп алып турушкан. Алгачкы гидравалдык таран 1796-жылы Париждин жанындагы Сен-Клу деп аталган шаарга бир туугандар Жозеф жана Этьен Монгольфье тарабынан курулган. Монгольфье суу менен жарыланган жерлердин биринде байкоо жүргүзүп, ал жерде самоор сыяктуу суу крандан чыгып жатканын, бирок басым ушунча жогору болгондуктан күч бар экенин байкаган, ал эми түтүктөрдүн тешиктеринен суу күч менен атып чыгып жатканын көргөн. Натыйжада гидравалдык таранды ойлоп тапкан. Алгач гидравалдык тарандын теориясын 1908-жылы Николай Егорович Жуковский түзгөн. Анын иши жабдуунун конструкциясын жакшылап иштеп чыгууга жана андагы күчтү жогорулатууга жардам берген.
“Гидротарандарды колдонуу Кыргызстанга бир топ пайда алып келе: сугат жерлердин санынын өсүүсү – 500 миң гектарга жакын жерлер! Арык сууларына басымдын көбөйүүсү, сууну чачуу аркылуу жаан сыяктуу колдонуу. Өлкөдө айылга жакын жайгашкан жайыттарды сугаруу маселеси курч бойдон турат. Айылдарда аны суу дөнгөлөктөрү аркылуу чечишет, түштүктө аны черпаляк деп да аташат. Алар сууну 2 метр жогору көтөрө алышат! Ал эми гидротарандын жардамы менен сууну 45 метрге жогору көтөрсө болот!”
«Гидротаран» суу насосу чакан ГЭСтер үчүн күч болуп берет. Аны дыйкандар, чабандар, куруучулар, балык өстүрүүчүлөр, аквапарктар колдонушса болот. Григорий Рогозин бул жагынан жардам берүүгө дайым даяр.
Мисалы, Ош облусунун Ноокат районунун Жийде айылында анын жардамы менен жер сугаруу боюнча чакан долбоор ишке ашкан. Ал жактагы дыйкандар биригишип гидротаран алуу үчүн каражат топтошкон, алар гидротаран тууралуу Бишкектеги тааныштары аркылуу билишкен. Эми бул системанын жардамы менен 25–30 метрге чейин сууну көтөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Натыйжа жакшы болгон. Жазында алар 1000 түп алма жана гилса көчөттөрүн отургузушкан. Биринчи сугат ийгиликтүү аяктаган. Бир убакта эле 70 жөөктү сугарганга мүмкүнчүлүк пайда болгон.
Бир сөз менен айтканда Григорий Рогозиндин пландары көп.
“Гидротаран электр насосторун четке чыгарбайт болчу, бирок гидротаранды пайдалануу экономикалык жактан пайдалуу. Совет доорунда 1936 же 1937-жылы чыгарылган бир китепте таран тибиндеги насостор тууралуу баары кенен жазылган эле. Ал жакта математикалык эсеби дагы бар болчу. 70 жыл токтобой иштеген гидротаран тууралуу жазылган. Канча деген сууну иштеткенин эми элестетип көргүлө, бирок бир грамм дагы май же электр энергиясын колдонгон эмес! Бирок электрлешүүдөгү ийгиликтер бул жабдууну четке сүрүп чыкты. Бара-бара ал тууралуу унутуп да калышты”,-дейт Рогозин.
Гидравалдык таран өзүн эле оңой эле жасап алсаң да болот, башкача айтканда даяр деталдарды алып курап коюу жетиштүү. Айрым деталдарды ширетип койсо болот.
Инженер гидротаранды орнотуу үчүн электрдик, механикалык энергиянын кереги жок дейт, себеби аны орнотуу абдан жөнөкөй.
Ирина Байрамукова