Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы Евробиримдиктен келген гербициддерге демпинг төлөмүн киргизди.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес өкүлдөрү тарабынан демилгеленген изилдөөнүн натыйжасында ЕБдан ташылып келинген гербициддердин баалары жасалма жогорулатылып жатканы белгилүү болгон. Демпинг айырмасы 27,47% дан 52,23%га чейин жетет.
2013–2016-жылдары ЕБдан гербициддерди алып келүү бир топ жогорулаган. 2014-жылы ЕБдан келген импорттун көлөмү 4,3% болсо, 2016-жылы 9%га чейин жеткен.
Белгилей кетсек, ушул эле өнүмгө болгон баа ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өндүрүүчүлөрдө 9,3% жогору болгон.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө гербициддерди өндүргөндөр рынокто өз үлүшүн жоготуп, киреше төмөндөп, товар запасы көбөйгөн.
ЕЭК коллегиясы ЕБдеги өндүрүүчүлөргө бааны көзөмөлдөө милдети жүктөлдү.
Албетте, бааны жөнгө салуу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин кызыкчылыгын коргойт, бирок өнүмдү колдонуучулар негизинен жөнөкөй дыйкандар. Аларга эл аралык сооданын кызыгы жок. Ишкерлер дайыма арзан жерди издешет эмеспи.