Ала-Бука районундагы “Иштамберди” алтын кенин иштеткен “Фул Голд Майнинг” компаниясы эмгек келишиминин мөөнөтү бүткөн жумушчулар менен кайра келишим түзөт. Ал эми кызматкерлер буга чейин алып келген айлык акынын өлчөмү мурдагы боюнча калат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рысбек Токтоналиев билдирди.
Анын айтымында, 8-январда мамлекеттик комитетте болгон үч тараптуу жолугушууда “Фул Голд Майнинг” компаниясынын өкүлү Чи Шуань Танга кызматкерлердин эмгек стажысы, вахталык эмгек үчүн кошулуучу төлөмдөрдү жана тамак-аш үчүн бөлүнүүчү акчаны кыскартуу мыйзам бузууга жатаары түшүндүрүлдү. Ал эми кытайлык компания мурда түшүнбөстүктөн төлөп келген киреше салыгы менен социалдык фондго төлөнүүчү төлөмдү жумушчулар өздөрү төлөөгө туура келээри айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында “Фул Голд Майнинг” компаниясы менен Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошууну жамааттык келишим түзүүнү башташты.
Эске салсак, Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундун башчысы Элдар Тажибаев 5-январда “Фул Голд Майнинг” компаниясы 400 жумушчу иштен бошотулганын айтып чыккан. Бирок кытайлык компания «жумушчулар бошотулду» деген маалымат туура эмес экендигин, алардын эмгек келишиминин мөөнөтү гана аяктаганын билдирди.