• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Фу Цзыин: Кыргыз Республикасы Кытай үчүн маанилүү өнөктөш

img_2361

👁 1,012

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев 2-апрелде, Бейжин шаарында (Кытай Эл Республикасы) соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын 13-жыйына катышты.

Комиссиянын тең төрагасы Аскарбек Шадиев аталган аянтча эки тараптык соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикирлер менен ачык алмашууга, ошондой эле өз ара пайдалуу чечимдерди табууга мүмкүнчүлүк түзөт деп белгиледи.

«Бүгүнкү жыйын эки өлкө ортосундагы өз ара алакаларды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет, жана бирдиктүү өнүгүү үчүн жаңы перспективалык багыттарды табууга салым кошот. Биздин Өкмөттөр ортосунда соода-экономикалык кызматташтык боюнча жигердүү өз ара байланыш түзүлгөнүн кубанычтуу белгилеп кетким келет. Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү акыркы жылдары туруктуу жогорулоо тенденциясына ээ», – деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Кытайдын коммерция боюнча министринин орун басары, Комиссиянын тең төрагасы Фу Цзыин Кыргыз Республикасы Кытай үчүн инвестициялык долбоорлор боюнча кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктар маанилүү өнөктөш болуп саналарын баса белгиледи.

Өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы менен эки өлкөнүн ортосундагы бир нече багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Протоколго кол коюлду. Тактап айтканда, тараптар транспорт жаатында жагымдуу шартарды түзүү, ошондой эле Кыргызстандан Кытайга жана кайра келген жүк жана жүргүнчү ташуучу эки тараптын айдоочулары үчүн тоскоолдуктарды жаратып жаткан факторлорду жоюу боюнча макулдашышты.

Ошондой эле эркин экономикалык зоналарынын аймагында, кыргыз-кытай автоунаа менен жана башка тиричилик техникаларды чогултуучу заводдорунун салынышы тууралуу макулдашылды.

Кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун жыйынтыгында тараптар иш-чаранын жемиштүү өткөнүн, анын чечимдери эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө алып келээри белгиленди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости