Француз компаниясы Easymmile микроавтобустарынын жаңы моделин чыгарды. Алар бир учурда 6 жүргүнчүнү жана багаждар жоголуп кетпеси үчүн 1 текшерүүчүнү ташый алат.
Мындай микроавтобустардын баасы 215 миң доллар. Автобсутар лидардык маалымат берүүчү менен иштеп, саатына 20 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Азыр алар үчүн бөлүнгөн атайын тилке менен 250 метрге чейинки жерде жүрүшөт.
Автобустарды тестирлөө азырынча жүргүнчүлөрдүн жылмаюусун пайда кылууда, себеби ал үлүл сымал жай жүрөт, бирок бул азырынча бардык коркунучту эске алчу тесттик режим. Бүгүн тез агымда мындай ылдамдык менен жүрүү өтө татаал.
Бүгүнкү күнү мындай сыноолор бардык жерлерде жүрүүдө. Мисалы, АКШ жакында эле айдоочусуз Otto жүк ташуучу унаасын кыймыл көп болгон Колорадо жолунда алгачкы коммерциялык каттамга чыгарган.
Технологиянын өнүгүшү менен батыш өлкөлөрү бензин талап кылган унааларды чет мамлекеттерге сатып, алардан арылууда.