• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Финансылык Чалгындоо кызматы: Уюлдук компаниялар электрондук капчыктар боюнча иштөөнү каалашса мыйзамга баш ийүүлөрү керек

????????????????????????????????????

👁 750

КРнын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылдын 27-июлунан тарта өлкөнүн башкы банкы электрондук капчыктарды киргизүү жана аны өнүктүрүү боюнча ишин баштап, ошол эле жылдын август айында электрондук капчыкты пайдалануу тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Атайын жумушчу топ түзүлгөнүнө карабастан уюлдук компаниялар эч кандай нормативдик-укуктук актылар жок эле электрондук капчык системасын киргизип алышкан деп санайт Улуттук банк.

Абдыгулов белгилегендей, жарандардын уюлдук телефондорунун балансынан каражаттар уурдалып кетиши мүмкүн. “Улуттук банктын милдети финансылык операцияларды жүргүзүүдө жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу”,-деди ал.

«Мегаком» компаниянын башкы директору Базаркулов абоненттер үчүн эч кандай ортомчусуз эле баланстан электрондук капчыгын толтуруу ыңгайлуу экенин билдирди.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Кадыралиев эгерде уюлдук компаниялар электрондук капчыктар менен иштөөнү каалашса анда алар мыйзамга баш ийүүлөрү керектигин белгиледи.

Депутат Назаров болсо Кытайда баардык финансылык төлөмдөр телефон аркылуу жүрөрүн жана бул тажрыйбаны үйрөнүү керектигин кошумчалады. Ал эми эл өкүлү Дамирбек Асылбек уулу жарандардын кызыкчылыгын корго максатында жана электрондук капчыктарды өнүктүрүү үчүн парламент КРнын мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даяр экендигин белгиледи.

Депутат Баатырбеков болсо Улуттук банк жана уюлдук операторлор кирешелерин гана ойлобостон мамлекеттин кызыкчылыгын дагы эске алуулары керектигин айтты. Талкуунун натыйжасында “Кыргызстан” фракциясынын депутаттары бул маселени үстүбүздөгү жылдын март айында кайра карамай болду.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости