Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде 2018-жылдын 22-майында 2018-жылга – Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган “Улуттук жана аймактык экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык методдору жана стратегиялык ресурстары” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференция уюштурулду.
Конференцияга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын окутуучулары, студенттери, ошондой эле Россия Федерациясынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык университеттин Санкт-Петербург филиалынан коноктор келип катышты.
Илимий конференцияны Финансы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова ачып, Россия Федерациясынан келген конокторго Финансы министрлигинин атынан салам жолдоп, мындай иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи.
«Кыргыз Республикасы өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөргө карабастан экономика системасындагы өзүнүн ургаалдуу өнүгүүсүн уланта берет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» аттуу жаңы программасынын алкагында өлкөнүн алдында дымактуу жана маанилүү милдеттер турат. Жаңы инновациялык технологияларды жана технологияларды колдонуу, ошондой эле Россия Федерациясынын окуу процессин уюштуруу маселелери боюнча тажрыйбасын окуп-үйрөнүү бизге экономикалык өнүгүүдө алдыга жылууга көмөктөшөт. Биз силерден үйрөнчү нерселер бар», – деп белгиледи З. Баяманова.
Конференция эки багытта өткөрүлдү: адистер менен окутуучулардын баяндамаларын угуу, ошондой эле Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттеринин баяндамаларын баалоо. Конференциянын жүрүшүндө катышуучуларга Кыргыз Республикасынын бюджетин аткаруунун казыналык системасын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун аймактарда кызмат көрсөтүү чөйрөсүн кеңейтүү тууралуу, өлкөдөгү азыркы абал жана адамдык ресурстарды өнүктүрүү маселелери жөнүндө баяндамалар жасалды. Андан тышкары, россиялыктар тарабынан Россиядагы санариптик экономика, ошондой эле санариптик технологияны колдонуу менен заманбап билим берүү уюмдарын башкаруу тууралуу презентациялар жасалды.
Конференциянын соңунда баш калаадагы жогорку окуу жайларынын жигердүү студенттерине Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган мыкты баяндамаларды жасашкандыгы үчүн атайын сыйлыктар тапшырылды.
Конференция Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун колдоосу менен АДАМ – БФЭА университети тарабынан өткөрүлдү.