Малая энергетика с большими проблемами: что мешают развитию малых ГЭС в Кыргызстане
10-июлда Бишкекте өкмөт Чехиянын Liglass Trading CZ компаниясы менен Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу тууралуу келишимге кол койгон.
Экономические проекты в период президентства Алмазбека Атамбаева
Бирок көп өтпөй эле ызы-чуу чыгып кеткен, бактыга жараша ал маселе учурда чечилип отурат. Чехиялык ММКлардын маалыматына ылайык, Liglass Trading CZ – бул мурун ири долбоорлорго катышпаган жана миллиондук капиталы, чет өлкөдө олуттуу инвестициясы жок, өлкөдө өтө таанымал болбогон компания.
Liglass Trading CZ чехиялык компаниясы 1 млн 147,7 миң доллар кепилдик төлөмүн төлөдү. Бул тууралуу «ВБ» Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине шилтеме кылып жазып чыкты.
Национальный энергохолдинг: Цена на электроэнергию не станет дешевле
Мындан сырткары компания катышуу үчүн 2 млн сом төгүүгө жетишкен.
Мамкомитет айрым ММКлардагы 10 чакан гидроэлектр станциясын куруучу чехиялык компания кепилдик төлөм төлөнбөгөнү тууралуу маалыматты жокко чыгарды.
Каскад ГЭС в КР, от которого отказалась Россия будут строить другие
Мекемеден билдиришкендей, долбоорду ишке ашырбоо үчүн атайын жалган маалыматтар таратылууда. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети айрым ММКлар жана саясатчылар тараткан калпка ишенбөөгө чакырып, кызыккан жактар менен иштешүүгө даяр экендигин билдирген.
Тендердин шарттарына ылайык, чакан ГЭСтерди куруучу компаниялар кепилдик төлөм төлөп жана аны төлөгөнү тууралуу документти берүүлөрү керек. Төлөм тендерге катышуучулардын бардыгы тарабынан сөзсүз төлөнүп, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин эсебинде болот.
Мамкомитеттин маалыматына ылайык, Финансы министрлиги кепилдик төлөм төлөнгөнү тууралуу документти көрсөткөн. Документ – республикалык бюджеттин депозиттик каражаттарынын эсебинен көчүрмө.