• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ферганада бажы кызматкерлерин мажбурлап көчө шыпыртышты

👁 866

10–11-май күндөрү Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин Фергана облустук бөлүмүнүн кызматкерлери көчө шыпырып, жол жээгиндеги арыктарды тазалап, бактарды акташты.

Облус акимчилигинин өкүлү билдиргендей, бажычылар, салыкчылар жана башка бюджетте иштеген кызматкерлер ишембиликке облус башчысынын буйругу менен чыгарылган.

«9-майда Фергананын башчысы Шухрат Ганиев облустук акимчиликте чоң жыйын өткөрдү. Ал президент Фергана облусуна келе турганын айтып, ар бир мекеменин жетекчилигине тазалоо үчүн тилкелерди бөлүп берди. Ошондой эле ишти так аткарбаган жетекчилер жумуштан алына турганын эскертти» – деди ал.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкерлердин бири бажы органында иштеп жатып көчө шыпыргандан уялганын айтты.

«Башчыбыздын буйругу менен арыктарды тазалап, көчө шыпырып, бактарды актап жатабыз. Баарынан да эгер кайсыл уюмдансыңар деп сурап калышса ыктыярчы активист экениңерди айткыла дегени кызык болууда. Ишембиликке формаларыбызды чечип, үйдөгү кийим менен келишибиз керектигин айтышты», — деди ал.

Фергана облусундагы бул окуя 11-майда, өзбек өкмөтү бюджеттик ишканаларда эмгектенгендерди мажбурлап иштетүүнү токтотуу тууралуу токтом чыгарган күнү болгон.

Токтомдо мамлекеттик кызматкерлер, ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттер көчө шыпыруу же пахта терүү өңдүү иштерге мажбурлап тартылбашы керектиги жазылган. Андан тышкары документте мамлекеттик органдар, анын ичинде Башкы прокуратура менен Эмгек министрлиги мындай практиканы токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүшү керектиги белгиленген.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости