«Women-Expo Silk Road –2017» деп аталган биринчи жолу өткөрүлүп жаткан Фергана өрөөнүнүн уздарынын Эл аралык көргөзмөсү тууралуу эле бир далай сөздөрдү айтса болчудай!
Фергана өрөөнү илгертен эле коомчулукту өстүрүү бешиги катары саналып келген. Биздин доорго чейинки I кылымга чейин ал Кушан хандыгына кирип, аны менен катар эле автономдуулугун сактап турган. Талаа аркылуу кербендер жол өтчү жана ал аркылуу фергананын сапаттуу товарлары ташылып, алар Орто Азияда жана андан сырткаркы өлкөлөрдө дагы жогору бааланган. Аларга болгон суроо-талап кол өнөрчүлүктү өнүктүргөн.
1875-жылы Орусия Фергана өрөөнүн басып алууну баштап, алар Кокон хандыгына кошулушкан. XIX кылымда Фергана өрөөнүнө Европадан саякатчылар келе башташкан. Жергиликтүү тургундардын көбү жер иштетип, пахта, жибек өндүрүшкөн жана кол өнөрчүлүк менен алектенишкен.
Кол өнөрчүлөрдүн чыгармачылыгынын булагы адамзатка материалдар, сюжеттер тууралуу маалымат берген жаратылыш болгон. Ата-баба салттары кылымдардан бери энесинен кызына өткөрүлүп келген. Фергана өрөөнүнүн узундугу 300 чакырым, туурасы 170 чакырым болуп, бара-бара илгерки маданияттын бешиги аталып калган. Учурда кол өнөрчүлөрдүн өнүмдөрү Улуу Жибек Жолу түшүнүгүн берип, декоративдик-прикладдык салттын өнүгүүсүнө салым кошуп келет.
Көргөзмөгө келгендерди кийизден, жүндөн, пахтадан, жыгачтан, чийден, керамикадан жасалган буюмдар күтүп турган! Мунун баары Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын уздарынын колунан чыккан. Бул өз чеберчилигин көрсөтүп: “Фергана өрөөнүнө келгиле! Биздин тарых тууралуу билгиле! Ал биздин элден бөлүнгүс бир бөлүгү!”-деп айтканга мүмкүнчүлүк берди.
ПРООНдун “Борбордук Азиядагы соодага көмөктөшүү” долбоорунун өкүлү Нурия Чойбекова кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү маанилүү экенин билдирди.
Өз иштеринде кол өнөрчүлөр кылымдан бери келе жаткан ыкмаларды гана колдонбостон жаңы техникалык мисалдарды дагы алышып, айкалыштырууда. Аны менен катар эле бир канча күн катары менен Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын чеберлери тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
Белгилүү кыргыз дизайнери Татьяна Воротникова кийиз боюнча мастер-класс өтсө, Дильбар Ашимбаева тигүүчүлүк боюнча мастер-класс өттү. Худжанттан келген уз Майрам Инамжанова болсо тажик саймасынын сыры менен бөлүштү. Кол өнөрчүлүк айыл-чарбасы менен дагы байланыштуу болгондуктан Тажикстандын Согди облусунун “Аялдар ассоциациясы жана коому” коомдук уюмунун өкүлдөрү Нафиса Рузиматова жана Хайринисо Мирахмедова чогулгандарга кургатылган жемиштерди иштетүү боюнча мастер-класс өткөрүштү.
Бул иш-чараларды өткөрүү идеясы бизнеске байланышкан. Фергана облусундагы ишкер айымдар ассоциациясынын аймактык жетекчиси Дилоромхон Мехманованын айтымында, бул көргөзмөнү уюштурууга кол уздардын “канаттанбаган” сезимдери түрткү болгон.
“Кол өнөрчүлөр көптөн бери бизнес үчүн жаңы нерселерди алуу, жаңы дем-күч топтоо жана коңшу жашаган кесиптештери менен тажрыйба алмашууга айдыңын таппай жүрүшкөн. Тилекке каршы, Өзбекстандагы форумдар, тренингдер жана башка иш-чаралар бул тармактагы бардык маселелерди камтыган эмес”
Бизде экономикалык билимдердин жетишсиздиги байкалат. Аялдар көбүнчө каражат боюнча маселеде билимдүү болбогондуктан, бизнес-план түзө албагандыктан жапа чегишет. Кол өнөрчүлөр маркетингди, менеджментти билбегендиктен айрым алуучулар алардын өнүмүн арзан баада алып, айрым учурларда карызга алып кайра бербей коюшат”
Бийик тоолуу райондордо бул өз айылы, аймагы, салты тууралуу айтып берүүнүн жалгыз жолу. Кол өнөрчүлүк- кичинекей айылдан тартып бир эл тууралуу айтып берүүчү бренд. Бирок чеберлер айрым учурларда илгерки үлгүдөн заманбап дизайнга келүүнү билбей калышууда! Ошондуктан алар өз облустарында, аймактарында гана калып кетишүүдө.
Бүгүн кол өнөрчүлүк көпчүлүк өлкөлөрдө ири бизнеске айланууда. Мисалы, Индияда көп сандаган чеберлердин буюмдары экспорттолот. Жыл сайын ал жакка бардык өлкөлөрдөн дүңүнөн сатып алуучулар барышат. Фергана өрөөнү жана жалпы Борбордук Азия бул тажрыйбаны үйрөнүп алса эмнеге болбосун?!
“Ошондуктан сапат сатндарттарына туура келген мындай иш-чараларды өткөрүп туруу керек. Бир жерге кол өнөрчүлүк боюнча эксперттерди, бизнес өкүлдөрүн, мамлекеттик мекемелерди, насыя берүүчү уюмдарды, кеңеш берүүү фирмаларды чогултуу керек. Бир сөз менен айтканда бул тармакка пайдасын алып келүүчү бардык адамдарды топтоо зарыл”,-дейт “Курак” коомдук уюмунун өкүлү, Бишкектен келген ишкер Айжан Чыныбаева.
“Бул ишкерлер үчүн убакытты коротуп, ары-бери чуркабастан көп маселелерин чечип алууга болгон чоң мүмкүнчүлүк. Кол өнөрчүлөр үчүн өз кызматын жана буюмдарын кызыкдар болгондорго көрсөтүү мүмкүнчүлүгү”,-деди ал.
Иш-чара Фергана өрөөнүнүн ишкер айымдарынын ортосунда келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу менен аяктады.
Анын акагында музыкалык номерлер болуп, фолклордук-этнографиялык бийлер көрсөтүлүп, улуттук кийимдерден турган мода көргөзүү дагы болду.
Ирина Байрамукова