Парламентте “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү”, анын ичинде “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден-соолугун сактоо” жана “Кыргыз Республикасында саламаттыкты сактоону уюштуруу” мыйзам долбоорлору талкууланды.
Бобовые овощи и кормовые добавки подлежат ветеринарному контролю (надзору) в зоне ЕАЭС.
Парламент жыйынынын жүрүшүндө Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Баатыралиев өлкөдө дары каражаттардын реестрин түзгөндөн кийин Кыргызстанда бул тармактагы 98–99% коррупциялык иштер жок болот.
“Жыл сайын дарылардын көмүскөдө айлануусу 80–100 млрд сомду түзүүдө, бул реэкспортту кошпогондо. Өлкөгө расмий түрдө ташылып келген дарылардын суммасы 13 млрд сомго барабар”,-деди министр.
Мунун бары Кыргызстандагы 6 миллиондук рынок инвесторлор үчүн пайдалуу болбогону жана өлкө өзү дарыларды өндүрө албаганына байланыштуу болууда. Ошондой эле Т. Батыралиев дары каражаттарын өндүргөн ири инвестор-өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.
Мафиозные игры фармацевтов будут прекращены.
Дары каражаттарынын реестрин киргизүү боюнча министр төмөнкүлөрдү айтты:
“Алгачкы эки этапты киргизүүгө каражат жетет. Отчеттулукту жана айкындуулукту күчөтүү үчүн бир катар нормалар киргизилүүдө. Дары каражаттарынын мамлекеттик реестрине медициналык кабыл алууга уруксат берилген, катталган каражаттар кирет, ал тиешелүү органды реестрлик жазуулардын өзгөрүү тарыхын, анын өзгөргөн мөөнөтүн сактоого милдеттендирет. Муну менен катар эле маалыматтарды реестрден өчүрүүгө уруксат берилбейт”.
Министр ЕАЭБдин талаптарына ылайык, дары каражаттарын мөөнөтсүз каттоо киргизилип жатканын айтты.
Мамлекеттик реестр түзүлсө, фармацевттик рынокто коррупция жок болуп, жөнөкөй жарандар керек болгон дарыларды алууга мүмкүнчүлүк алышат.