• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

ФАО: Апрелде азык-түлүккө болгон баа өзгөргөн жок

img_9009

👁 807

БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) азык-түлүккө болгон баа индекси апрель айында туруктуу болуп, март айына салыштырмалуу бир аз жогорулап, 173,5 пунктту түздү. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөн. Данга жана сүт азыктарына болон баа жогорулаган, ал эми кант рыногу кыскарууга дуушар болон.

Ошондой эле ФАО 2018⁄19-жылдарга карата алгачкы болжолдорун жарыялады. Анда дүйнөдө дан өстүрүү төмөндөй турганы жазылган.

Келерки жылга божомол

Дандар боюнча дүйнөлүк рыноктогу абал тууралуу буга чейинки божомолдор жакшы. ФАОнун жаңы жарыяланган маалыматына ылайык, дан азыктарына болгон суроо-талап да, сунуш да азаят.

2018-жылы дандардын көлөмү 2607 млн тонна болору күтүлүүдө, бул 2017-жылдагы рекорддук көрсөткүчтөн 1,6 пайызга төмөн.

Төмөндөө АКШда жүгөрү өстүрүүнү кыскартуудан улам болмокчу. Ал эми буудай өстүрүү Россияда аз болот, себеби былтыркы жылы бул өлкө өтө мол түшүм алган. Аны менен катар эле ФАОнун алдын ала маалыматтарына ылайык, дүйнөдө күрүч өстүрүү 1,3 пайызга жогорулап, 510,6 млн. тоннаны түзөт. Күрүч өстүрүү Азияда көп болуп, рекорддук көрсөткүчкө жетет.

Ал эми ФАОнун божомолуна ылайык, дан азыктарын пайдалануу дагы рекорддук көрсөткүчкө жетип, 2 626 млн. тоннанын түзөт. Бул демек, күрүчтү колдонуу жылына 1,0, буудайды колдонуу 0,8, жүгөрүнү тоют катары колдонуу 2,8 пайызга жогорулайт. Кытайда,Түштүк Америкада жүгөрүнү тоют катары колдонуу жогорулары болжолдонууда.

ФАО сезондун акырында дандардын дүйнөлүк запасы (2019-жылдын аягы) 2,7 пайызга кыскарары күтүлүп жатканын билдирип, дан азыктарын колдонуу 27,2 пайызга төмөндөрүн жазган.

ФАОнун дан азыктарынын эл аралык айлануу боюнча биринчи божомолу 406 млн. тоннанын түзөт, бул демек, үстүбүздөгү сезондо күтүлүп жаткан рекорддук көрсөткүч 0,6 пайызга төмөндөйт дегенди бидирет.

Баа тенденциялары

ФАОнун дан эгиндерине болгон баа индекси 4-ай катары менен өсүүдө жана апрелде 1,7 пайызга жогорулады. Азыр ал былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 15,4 пайызга жогору.

АКШдагы аба ырайына байланыштуу буудайга болон баа жогорулады, ошол эле маалда Аргентинада кургакчылык болгондуктан жана АКШда жүгөрү айдоо аянттары азайгандыктан жүгөрүгө болгон баа өстү. Күрүчтүн баасы дагы жогорулаган.

ФАОнун сүт азыктарына баа индекси дагы март айына салыштырмалуу 3,4 пайызга өскөн. Бул демек, баардык сүт азыктарына суроо-талап жогору дегенди билдирет.

Өсүмдүк майына болгон баа индекси марттан бери 1,4 пайызга, этке болгон баа 0,9 пайызга төмөндөгөн.

Кантка болгон баа индекси 4,8 пайызга түшкөн. Кантка болгон баанын төмөндөөсү былтыркы жылдын декабрь айында башталган, жана учурда орточо эсеп менен 24 пайыз деңгээлинде турат, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул маалына салыштырмалуу төмөн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости