• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Евробиримдикке экономикалык сокку

👁 1,333

АКШнын президенти Дональд Трамп 1-мартта болотту импорттоого 25% алюминийди импорттоого 10% төлөм киргизди. Трамптын “Америка баарынан маанилүү” деген саясатын колдогон Вашингтон бул Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына каршы келген кадам америкалык өнөр-жайды коргоого багытталган деп санашат.

Ушул учурдан тарта Вашингтон бүткүл дүйнө менен соода кылууда согуш жолуна түшкөнүн билип эле турат. АКШнын соода министрлиги «АКШнын улуттук коопсуздугуна доо кетирип жатат» деген шылтоо менен болотту жана алюминийди ташууда төлөм киргизүүнү сунуштаган болчу.

Трамп бул төлөмдөрдү киргизүү керектигин, себеби Америка Мексика менен Канаданын пайдасына көп каражаттан кур калып жатканын билдирген болчу. Трамптын билдирүүсүнөн соң Доу – Джонс индекси 2% төмөндөп, бирок америкалык болот өндүрүүчүлөрүнүн акцияларынын баасы дароо жогорулаган болчу.

Президент Трамп шайлоо алдындагы кампаниясында эле Американын болот жана алюминий өнөр-жайын колдой турганын билдирген болчу. “Биздин өлкө алюминий жана болотту чыгара албаса, биз өнөр-жай тууралуу сөз кыла албайбыз. Биз коргонуу үчүн менчик жана күчтүү өндүрүшчүлөр керек ”,-деген ал.

Болот өндүрүүчүлөрүнүн алдында сөз сүйлөгөн Трамп америкалык ишканалар чет элдик атаандаштыктан жабыр тартып жатканы уят экенин билдирген. Киргизилген төлөмдөр биринчи кезекте Түштүк Кореяга, Канадага, Кытайга жана Европага терс таасирин тийгизет.

АКШнын статистикасына ылайык, АКШдан ташылып чыккан болотторго салыштырмалуу ташылып кирген болоттордун көлөмү 4 эсе көп. Америкалык өнөр-жай дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө өндүрүлгөн болотту колдонуп келет.

Трамп бул протекционисттик чаралар жаңы жумушчу орундарды түзүп, америкалык экономиканы чыңдайт деген пикирде. Бирок жалпысынан алганда Американын кымбат болоттору жана алюминийлери алардан жасалган өнүмдөрдү кымбаттатып, атаандаштыкты жоготот.

Мындай кадамдар менен америкалыктар Пандора ящигин ачып жатышат. АКШнын соода саясаты экономикага жана соода системасына глобалдуу коркунуч жаратууда. Башкача айтканда, дүйнө менен анын ичинде Кытай менен соода согушу ачылууда. ЕБ болсо бул сыяктуу согушка бир жылдан бери даярданып келет жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого даяр.

Анастасия БУЛГАКОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости