• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Евробиримдик Кыргызстандан бал жана жашылча алууну гана каалайт.

pexels-photo-227431

👁 883

Кыргызстанга 2017-жылдын февраль айында келген ВСП+ миссиясынын эксперттери жыйынтык чыгарышып, Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгону балды экспорттой аларын билдирди.

“Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргени кездемеден жасалган товарларды өндүрүү керектүү материалдар кымбаттады. Бул болсо бул товарларды ЕБга экспорттоого атаандаша албагандай абалга алып келди. Мындан сырткары Бишкекте модернизация жүргүзүлүп жаткан 8 лабораториянын бирөө гана азыктар үчүн белгиленген эл аралык ISO 17025 стандарттарына ылайык жабдылган”,-деп жазылат ВСП+ миссиясынын отчётунда.

Эл аралык комиссия лабораториялар тиешелүү деңгээлде модернизация болбой жатканын, буга бул лабораториялардын 3 министрликке караштуу болуп жатканы себеп экенин билдирди.

“Азык-түлүктөрдү тесттен өткөрүү үчүн өтө көп лабораториялар модернизация болуп жатат. Мындай кичине өлкөгө 2 эле лаборатория жетиштүү болмок – бирөөсү түштүктө, бирөөсү түндүктө. Лабораториялардын ЕБ стандарттары жана ыкмалары тууралуу түшүнүгү жок экен”.

Тилекке каршы, бул жагымсыз көрүнүш. Мындан сырткары эксперттер ата мекендик азыктардын сапаттарынын начардыгын белгилешүүдө. Кыргызстандын ишкерлери азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүүдө тажрыйбасы жок. Азык чыгарылгандан кийин анын андан аркы жолу байкоого алынбайт.

Андан кийин ВСП+ эксперттери төмөнкүдөй сунуш киргизишти:

–лабораториялардын саны экиге кыскарышы керек. Бирөөсү Ошто, бири Бишкекте;

–аккредитация боюнча кыргыз борбору лабораторияларды модернизациялоого жооптуу орган болушу керек;

–лабораториялар каржылык жактан туруктуу болушу керек;

–лабораторияларды модернизациялоо Европа өлкөлөрүндө суроо-талапка ээ болгон азыктарга (бал, жаңгактар, кургатылган жемиштер, төө буурчак) багытталышы керек;

– аккредитация боюнча кыргыз борборунун эксперттеринин билимин жогорулатуу керек жана техникалык, каржылык потенциалды өнүктүрүү зарыл;

- ISO жана башка эл аралык стандарттарга ылайык, тестирлөө өткөрүлүүдө лабораторияларга техникалык жана каржылык жардам көрсөтүлүшү керек;

–ЕБнын лабораториялары менен кызматташып ISO стандарттары боюнча билимди жогорулатуу жана ISO ыкмаларын үйрөнүү керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости