• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Евразиялык экономикалык комиссия өндүрүүчүлөрдүн баасын колдоо максатында эсептөөнүн бирдиктүү ыкмасына байланышкан чектөөнү алды.

magazines-desk-work-workspace

👁 696

Бул жана башка чектөөлөр ЕЭКтин жакында эле жарыяланган “Ак китебинде” белгиленген. Бул китепте ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар тууралуу маалымат камтылган.

2017-жылдын 19-апрелинен тарта соодага терс таасирин берген эсептөөнүн бирдиктүү ыкмасына байланышкан чектөө айыл-чарба тармагын колдоо максатында алынып салынат. Мындай чаралардын максаты – өндүрүүчүлөрдүн бааларын колдоо. Чектөөнү жокко чыгаруу үчүн Комиссия биримдиги бул чараларга уруксат берилген эсептөө ыкмасы кабыл алынды.

Бирдиктүү эрежелердин жоктугу жана Биримдикте өсүмдүктөргө карантин киргизүү нормалары чектөө деп табылып, товарларды, башкача айтканда жашылча-жемиштерди сатууда бир топ кыйынчылыктарга кириптер кылып келген. Комиссия чектөөгө тиешелүү долбоорлордун документтерин жактырды. 2017-жылдын 1-июлуна карата ал толугу менен алынып салынары күтүлүүдө.

“Ак китепте” Биримдиктин ички рыногунда болгон жалпы 60 тоскоолдук катталган. Алардын 17си алып салуу, 34ү чектөө жана калганы 9у тоскоолдуктар.

ЕЭК кеңеши ар бир жыйында тоскоолдукта реестрине байланышкан маселелерди карап туруу чечимин кабыл алды, натыйжада алардын саны улам жаңырып турмакчы.

Документте тоскоолдуктарды жок кылуу ыкмалары жана механизмдери тууралуу маалыматтар дагы бар. Негизгилеринин бири болуп ЕАЭБдеги ар бир өлкө үчүн белгилүү бир мөөнөттө чектөөлөрдү алып салуу боюнча “жол картасы” саналат. Алгачкы “жол картаны” ушул жылдын жай айында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште кароо пландалууда.

Тоскоолдуктардын арасына Армениянын Финансы министрлигинин сайтында сатып алуулар боюнча тиешелүү маалыматтын жоктугу жана орус тилиндеги маалыматтардын жоктугу кирген. Республика ЕАЭБдеги келишим боюнча мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү боюнча маалыматтарды жайгаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Мамлекеттик сатып алуулар тармагындагы тоскоолдуктар Орусияда дагы катталган. Мисалы, башка мүчө мамлекеттер үчүн программалык камсыздоо боюнча чектөө киргизилген. Орусиянын өкмөтү тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыккан, ал сатып алууларга Биримдиктеги башка өлкөлөр дагы орусиялык компаниялар менен теңата катыша алышат.

“Ак китепте” башка мүчө-мамлекеттердин көмүр экспорттоо үчүн Казакстан Республикасынын ижара салык чогултуу боюнча тоскоолдуктарды жөнүндө маалымат чагылдырылган. Комиссия бул салык экспорттук салыктарга барабар деп санап, алар ЕАЭБдин ички рыногунда болбошу керектигин билдирди. Биримдиктин ичинде укуктарды коргоо боюнча Казакстанга билдирүү жөнөтүлгөн.

Ошондой эле Беларусь дагы республикада өндүрүлгөн өсүмдүк, аарычылык, мал чарбачылыгы, балык чарбачылыгында 10% КНСти жокко чыгаруу боюнча иш алып барууда. Жокко чыгаруу 2017-жылдын 1-июлунда болмокчу жана ал учурда Минскте иштелип чыгууда. Ошентип бардык мүчө мамлекеттер үчүн салык шарттары бирдей болмокчу.

Кыргызстанда дагы иштеп чыгуу керек болгон маселелер бар, бирок башка өлкөлөрдөн айырмаланып республика айрым пункттар боюнча башка өлкөлөрдөн озуп бара жатат. Мисалы, Кыргызстанда алгачкылардан болуп Ири мүйүздүү малды жана майда жандыктарды паспорттоштуруу маселеси чечилген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости