Кыргыз өкмөтүнө коңшу өлкө тарабынан көрсөтүлчү 100 миллион доллар тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн жылдын акырынан баштап жүрүүдө. Казак сенаторлорунун жыйындарынын биринде акыркы чечим кабыл алынды.
Сенаттын депутаттары пленардык жыйын учурунда Казак Республикасы менен Кыргыз Республикасынын өкмөттөрү ортосундагы Евразиялык экономикалык интеграция шарттарында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу Макулдашууну ратификациялады.
Аталган макулдашууда жана протоколдордо Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусу боюнча Жол картасындагы иш-чараларды каржылоо максатында, Казакстан тарабынан 100 млн доллар көлөмүндө техникалык көмөк көрсөтүү каралган.
“Жардам бажы инфратүзүмдөрүн обьекттерин жабдууга жана техникалык жабуулоого, сыноо лабораторияларын модернизациялоого жана башка маанилүү иш-чараларга багытталат,-деп түшүндүрүштү палатадан.
Аны менен катар эле жардам этап менен көрсөтүлөрү белгиленген. Казакстандын бул каражатына Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине интеграцияланышы боюнча Жол карта каржыланмакчы.
Жардамдардын сарамжалдуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу үчүн эки тараптуу текшерүүчү комиссия түзүлөт.