Сыноолордун натыйжасында артыкчылык катары мазьдардын көпкө чейин тоскоолдук жаратары белгиленген. Депрессия чакыруу, жыныстык катнашты каалоонун дароо жогорулашы сыяктуу терс жактары көп болгон гормондук дарылардан айырмаланып гель уруктардын чыгуусуна жана организмдеги гормондордун деңгээлине таасир тийгизбейт. Урук чыкканы менен аны гель организмге сиңирип жиберет.
Эми Калифорния университетинин окумуштуулары жаңы каражат табышты. Алардын айтымында, бул ыкма эркектерге жагат.
Экспериментке 16 эркек жана бир нече ургаачы маймылдар катышышкан жана ал 2 жылга созулган. Бул убакыт аралыгында бир дагы бойго бүтүү болгон эмес жана терс таасирлер аз болгон. Инвесторлордон каражат түшөрү менен эле эксперимент адамдарга жүргүзүлмөкчү.
Дагы бир жаңылык уруктун кыймылын текшерүүчү аппарат. YO аппараты смартфонго кошулуп, үйдөн эле анализдин жыйынтыгын чыгарууга жардам берет.
Экономикалык көрсөткүчү жана менталитети башка болгон мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда гель өтө көп суроо талапка ээ болбосо керек.