Анкарада кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде болуп өттү. Түрк тарап КРнын президенти Сооронбай Жээнбековду 40 атчан менен тосуп алып, өзгөчө урмат көрсөттү.
Эки тараптуу жолугушуунун натыйжасында экономикалык мүнөздөгү бир катар документтерге кол коюлду. Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган 1999-жылдан бери АКШда жашап жаткан Фетхулла Гюленге Түркия берген баа менен Кыргызстандын азыркы бийлик башчысы макул болсо гана колдоо көрсөтөрүн кыйытып өттү. Анкара аны 2016-жылдын жайындагы төңкөрүшкө күнөөлөп келет.
Эки өлкөнүн башчылары тар жана кең чөйрөдө эмнелер тууралуу сүйлөшүштү?
Соронбай Жээнбеков менен Реджеп Тайип Эрдоган энергетика, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн аспектилерин, ошондой эле инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчылары товар жүгүртүүнү жылына 1 млрд долларга чейин жеткирүү үчүн тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти. Былтыр товар айлануу 356 млн. долларды түзгөн.
Кыргызстандагы түрк бизнеси негизинен соода борборлорунда жана чай тармагында. Бул ачыкка чыккандары. Төө буурчак менен соода кылууда ортомчулук кылып жүргөндөр да жок эмес. Түркиянын Бишкектеги элчилигинин маалыматына ылайык, бир нече тоо-кен компаниялары тоо-кен тармагына инвестиция салууга даяр.
Кыргызстанда түрк лицейлери жана университеттери көп. Эң көп жайылган тармак бул 1992-жылдан тарта иштеп жаткан “Себат” мектептери. Кыргызстанда 16 лицей, 4 башталгыч мектеп, 2 эл аралык мектеп жана 1 университет бар – алардын баары Түркияга тиешелүү. Түркия бийлиги “Себат” билим берүү тармагы Гүлен тарабынан каржыланып келерин билдирүүдө. Акыркы 2 жылдан бери Анкара бул мектептерди жаңы түзүлгөн президенттин билим берүү фондуна берүүнү суранып келет. Бирок Кыргызстандын расмий жактары бул окуу жайлардын статусу тууралуу өз пикирлерин билдиришип, анын аталышын “Сапат” деп өзгөртүп коюшту. Албетте, Кыргызстан бул мектептерди өзү каржылай албайт. Ал эми былтыртан тарта түрк бийлиги бул мектептерде билим алгандар Түркияга киргизилбей турганын да жар салышты. 2016-жылы Туркия менен Кыргызстандын бийлиги дипломатиялык деңгээлде айтышууга да барышты.
Ошондуктан Түркиянын мамлекет башчысы Жээнбеков менен жолугушкан учурда гүленчилер тууралуу эстебей коюусу мүмкүн эмес эле. Анын үстүнө бул Түркияда төңкөрүш болгондон кийин мындай деңгээлдеги алгачкы жолугушуу болду. Түркия башчысы билим берүү тармагындагы кызматташуудагы ийгиликтүү мисал катары өкмөттөр аралык келишимдин негизинде иштеп жаткан кыргыз-түрк Манас университетин атады.
Эрдоган 1992-жылдан тарта 3500 студент Түркиядан стипендия алып окууларын аяктаганын белгиледи. “Себаттын” окуучулары бул тизмеде жок.
Түркиянын президенти сүйлөшүүлөр учурунда саясатка басым жасаса, Жээнбеков болсо экономикалык жана маданий маселелерге көп көңүл бурууга аракет кылды.
Жээнбеков эки өлкөнүн Соода палаталары ортосундагы кызматташтыкты активдештирүү керектигин билдирип, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Иштиктүү кеңеш түзүүнү сунуш кылды.
Президент Реджеп Тайип Эрдоган ТИКАнын ишмердигине токтолуп, агенттик 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо боюнча Кыргызстандын Президентинин Жарлыгынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышып жаткандыгын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өлкө башчылары кандай документтерге кол коюшту?
Тактап айтканда эки тараптуу төмөндөгү документтерге кол коюлду:
Түркия Республикасынын Өкмөтүнө караштуу инвестицияларга көмөктөшүүнү колдоо боюнча агенттиги (ispat) менен Кыргыз Республикасынын инвестицияларды жылдыруу жана коргоо агенттигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандум; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дене тарбиясы жана спорт чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндө макулдашуу; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда социалдык камсыздоо жөнүндө келишим; .Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда басма сөз жана маалымат тармагында кызматташуу тууралуу протокол.
Сүйлөшүүлөр учурунда түрк тарап Кыргызстандан эт-сүт азыктарын, кургатылган жемиштерди, жаңгак ташууга кызыгуусун билдирди. Бул өнүмдөр мурун да ташылып келген жана учурда да ташылууда. Негизинен бизде иштетилген азыктар эмес, чийки азыктар ташылып жатат. Биз Жалал-Абаддан жаңгактарды дагы көп ташып баштасак 20 жылдан соң бизге бир нерсе калабы?
КРнын Экономика министри Артём Новиков соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө үчүн конкреттүү иш-чараларды камтыган “Жол картасын” иштеп чыгууну сунуштады. Дал ушул жерден жогоруда айтылган учурларды эске алса болот.
Мындан сырткары министр Новиков биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мониторинг жүргүзүүнү сунуштады. Кыргыз-түрк мамилелерин өнүктүрүү үчүн жакынкы убакта экономикалык маселелер боюнча биргелешкен форум өткөрүүнү сунуштады. Түркия тарабынан ВСП режимин берүү маанилүү болуп саналат (Эске сала кетсек, биздин өлкө Европа Биримдигинде бул статуска ээ).
Ошондой эле түрк тарап соода кылууда жеңилдик берүү боюнча кыргыз товарларынын тизмесин түзүү сунушун карап көрөрүн билдирди.
Талант КУБАТ