3 гектар чөлдө жайгашкан Sahara Forest фермасы күнүнө 95 литр суу чыгарып, жылына 130 тонна жемиш өстүрө алат. Фермада 1349.97 чарчы метрди ээлеген 2 күнөскана жайгашкан. Долбоор үчүн энергияны фотоэлектр панелдери алып, ал күнөсканада өстүрүлгөн жашылчаларды сугаруу үчүн колдонулат.
Долбоордун негизги инвесторлору – Норвегиянын өкмөтү жана Еробиримдик.
Келечекте уюм Иорданияда 20 гектар аянтты ээлеген күнөскана ачууну пландоодо, Акабе бул башталышы гана. Ошондой эле Sahara Forest Катарга пилоттук долбоорду ишке киргизди, ошондой эле Тунисте дагы иштеп келет. Сазарадагы долбоордун негизги аткаруучу директор Йоаким Хауге Иордания “жашыл системалар хабы” болуп калаарын билдирди.
Учурда Кыргызстанда жерлердин сапаты көп бузулуп жатат. Эл аралык уюмдар канчалаган каражаттарды бөлгөнү менен эч кандай натыйжа жок.
Дүйнө жүзү ресурстарды үнөмдөп колдонууга өтүүдө, бирок Кыргызстанда ага коромжу мамиле кылып келишүүдө.