Иш жүзүндө баары башкача болот жана депутаттыкка талапкерлердин жүрөгүндө башкача сезимдер бар жана патриоттуулуктун аты жыты дагы жок.
Ушинтип айыл өкмөтүнө талапкердин командасы түзүлө баштайт. Биз айткан себепке байланыштуу айылдын көйгөйлөрүнө алыс болгон, талапкерлигин коюу түшүнө да кирбеген адам досунун, туугандарынын сөзүнө кирип депутаттыкка аттанат.
Ошондуктан, мандат тапшыруу күнүндө депутаттан ал эмне үчүн депутат болгондугу тууралуу сурасаң, кадимки эле “Айыл өкмөтүн шайлоо үчүн” деген жоопту аласың.
Ошентип депутат айыл өкмөтүнүн өтүүсүнө добуш берген депутат айыл өкмөтү ага карыздар деп санап калат.
Депутаттыкка талапкерге карата эч кандай талаптар жок болгондуктан жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 18 жашка чыккан ар бир жаран шайлана алат.
Армияга алышпайт, бирок депутат боло алат жана ал жаза албайбы, окуй албайбы аны менен эч кимдин иши жок, эң башкысы добуш бергенди жана кол койгонду билсе болду.
Буга байланшытуу акыркы кездерде жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер билимдүү болуусу керек деген талап киргизүү сунушталууда. Мындай боло турган болсо айрым айыл аймактарында депутаттык корпус түзүлбөй калышы ыктымал. Анын үстүнө биздин убакта диплом талапкердин интеллектуалдык деңгээлин көрсөтпөйт эмеспи. Дипломдуу адистин оозун тубаса таланты менен жаап койгондор да жок эмес.
Чындыгында эле жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн мында талап киргизүү ойлонулбаган кадам. Ошондуктан тесттен өтүү эрежесин киргизүү керек. Анда негизги жөнөкөй суроолор болуусу зарыл.
Өкүлчүлүк менен аткаруу бийлигинин ортосундагы конфликттер айыл өкмөтүнүн жогорку билим болуусу керек жана муниципалдык кызматта иштеген болушу керектиги тууралуу ар түрдүүлүктөн келип чыгып жатат.
Ага ылайык, айыл өкмөтү болуп ар бир эле адам шайлана албайт, себеби ага карата талап бар. Ошондуктан айыл башына талапкерлер депутаттыкка талапкерлерге караганда мыйзам нормаларын билген, муниципалдык кызматта иштеген адамдар болот.
Бул абал баардык айыл аймактарында болуп жатат дегендик эмес, бирок жашообузда кездешкен депутаттар айыл өкмөтүнө ишенбөөчүлүк көрсөткөн мындай учурлар болот.
Бардык депутаттар эле бул кадамга себепсиз барбайт. Тилекке каршы, айрым убактарда айыл өкмөтү кызматын жакшы аткара албай калган учурлар кездешет жана аз эмес.
Мындай абал пайда болгондо бийликтин булагы болгон айыл өкмөтүнүн ишине ыраазы болгон – эл өздөрү шайлаган депутаттарга же өз өкүлдөрү менен макул болбойт, бирок эл эч нерсени чече албай калат. Себеби мыйзам чыгаруучу белгисиз себептерден улам элдин өкүлдөрүнө болгон таасири тууралуу жазган эмес.
Ошентип элге карата болуп жаткан адилетсиз абал чечилбей калат. Депутаттарды тандаган бийлик башаты депутаттарды кайра артка чакырта албайт. Биздин жашообузда ушундай бири-бирине карама-каршы келген Конституцияга каршы келген абал орун алган.
Астра Булутова