Кризис көпкө чейин созулууда жана бул мындан дагы тереңдеп кетүүсү мүмкүн.
Буга байланыштуу Бишкекте коомдук ишкерлер, илимий жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, бизнесмендер жана ММКнын катышуусунда жолугушуу өттү. Күн тартибинде бир гана маселе болду, бул чубактын кунундай чубалган кыргыз-казак маселесин кантип чечсе болот деген суроого жооп издөө.
Баары эле бир ооздон Кыргызстан менен Казакстан ынтымакка келип, достук мамилесин сактап калуусу керектигин билдирип жатышты.
Де-факто
Жүк ташуучу унаалар “Чоң-капка”, «Ак-Жол», “Ак-Тилек унаа жол” өткөрүү бекеттеринде узун кезекке турушууда. Бир күндө бир унаа болжол менен 100 метрге гана жылып жатканы айтылууда.
Аны менен катар эле Кыргызстандын сүт азыктарын Казакстанга ташууга тыюу салынганына байланыштуу ал жакта сүт азыктары 20–30% жогорулаганы белгилүү болду. Ал эми Кыргызстан болсо казак тараптын байытылбаган унун киргизүүдөн баш тартты.
КМШ өлкөлөрүнүн Орто Азия жана Казакстан боюнча институтунун бөлүм башчысы Андрей Грозин Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, абал ушул бойдон кала берсе Кыргызстандын ИДПсы 0,3 %га азаят.
Кыргыз-казак чек арасынан адамдар оңой эле өтүшүүдө: жарандар үчүн чектөө жок. “Болгону өткөрүү бекетине чейин жетип, текшерүүдөн өтүп анан берки тараптан унаа кармап кетүү керек”.
Кыргыз жана казак тараптардын реакциясы
“Кыргызстан бир айдан ашуун убакыт ЕАЭБден четтеп калды. Мунун баары Казакстандын жетекчилигинин айынан болууда”,-деди президент Алмазбек Атамбаев “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында туруктуу өнүгүү улуттук кеңешинде.
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Астанада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, дипломат катары башка өлкөнүн башчысынын айткандарына баа бере албасын айткан. Бирок ошону менен катар эле: “Кыргызстандын кызматы аяктап жаткан президентинин сөздөрү саясий жактан туура эмес жана эгемен мамлекеттин башчысынын макамына туура келбейт” деген болчу.
Бир гана экономика
Жайында Орусиянын биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов Евразиялык экономикалык биримдик тууралуу олуттуу билдирүүлөрдү жарыялаган. Ал ЕАЭБдин алкагында Орусия менен Казакстан Кыргызстанга “спонсор” болуп жатканын айткан болчу. “Орусия менен Казакстан Кыргызстандын санитардык жана фитосанитардык, ветеринардык системасын оңдоо үчүн 300 млн долларга жакын каражат бөлдү. Ошондой эле Кыргызстанга көрсөтүлгөн колдоого карабастан алгач жеңил шарттар менен жергиликтүү бизнеске жардам берип келген кыргыз-орус өнүктүрүү фонд жергиликтүү бийлик тарабынан сынга алынып келет”,-деген ал.
Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев 2015–2017-жылдарга карата Кыргызстан менен Кытайдын бажы статистикасында чоң айырмачылыктар болгонун белгиледи.
Улуттук экономика министри Тимур Сулейменов болсо кыргыз бийлигин чек ара маселесин саясатташтырбоого чакырган. “Биз биздин мыйзамдын алкагында иш алпарып жатабыз. Ошондой эле ЕАЭБдин алкагында өзүбүзгө алган милдеттерди аткаруудабыз, биз ал принциптерди бузбай элебиз”,-деген ал.
Саясий блокадабы же экономикалык тупикпи?
Дал ушундай пикирди кыргызстандык эксперттер дагы карманып келишет. “Биз импорттун жана экспорттун легалдуу болуусуна байланышкан системанын убакытын өткөрүп жибердик. Көмүскөдөгү импорт – бул биздин экономиканын бир тармагы. Биз Кыргызстан эмес эле Контрабандистан болуп калдык”,-дейт эксперт Кубат Рахимов.
Казак бийлиги өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоп келет жана керек болгон учурда ал ички чараларды көрсө болот жана учурда аткезчилик маселесин жоюу керек деп санайт саясат таануучу Рита Карасартова.
Эксперттердин пикири
Армениянын Экономикалык интеграция министри Ваче Габриэлян учурда интеграция негизги эффектти берерин билдирди. “ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнө жакшы шарттарды түзүп берүүдө жана биримдиктен жакшы пайда көрсө болот. Адамдар ири рынокто товарын өткөрүү оңой деп ойлошот. Бирок биздин тажрыйба көрсөткөндөй бул оңой олтоң иш эмес”,-деди ал.
Кыргызстандык коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов эксперттик жолугушууларды өткөрүп натыйжада резолюция кабыл алынган.
Эксперт Зульфия Марат кыргыз-казак саясий кризисин чечүү үчүн төмөнкү нерселер маанилүү экенин белгиледи:
1)Кыргызстанда карама-каршы пикир жарата алгандар жок экени белгилүү болду.
2) Жогорку Кеңеш казак тарап менен болгон макулдашууну денонсация кылабыз деп, буйрукту аткарган кол бала болуп берди.
3) Адамдар чек ара ачык болуусун каалайт, ал эми биримдик болсо чек арадан сертификаты бар товарлар өтсүн дейт. Биз Кыргызстан Борбордук Азияда эң демократиялуу өлкө деп жатабыз. Демократия – бул элдин бийлиги, Бул жерде элдин үнүн эч ким уккан жок.
4) Маселени чечүүнүн ордуна КР жоопкерчиликтен кача баштады. Кытай менен бажы тармагындагы маалыматтарды тактоо качан болору али күнгө чейин белгисиз.
Элдин акылмандыгы баалуу
Кыргызда “Алыскы тууганыңдан жакынкы кошуна артык” деген макал бар. Демек коңшулар менен урушпай, ынтымакта болуу керек деген сөз. Эки өлкөнүн жарандары бул маселени жүрөктөрүнө жакын кабыл алышууда. Казакстанда бул темага байланышкан сурамжылоо жүргүзүлүп жатса, Бишкекте болсо социалдык эксперимент жүргүзүлдү. Анда кыргызстандык бала Казакстандын желегин оронуп, көзүн таңыл алып “Эгерде сен эки элдин ынтымагын кааласаң, мени кучакта” деп жазып алган. Ары-бери өткөндөрдүн реакциясы жарандар бул маселеге көңүл кош карабай турганын көрсөттү.
Ирина Байрамукова