Көпчүлүк кыргызстандыктар өзүн патриот сезип келишкени менен башка өлкөнүн жарандыгын алуу жолдорун издеп келгени сыр эмес. Айрымдар болсо активдерин жана кирешелерин сактап калууну көздөп келишет. Булар негизинен бизнесмендер. Ал эми элдин көпчүлүгү акчаны бат табуу үчүн жарандыгын алмаштырып келишет.
Мындай программалар капчыгы калың жарандарга багытталган. Алар кандайдыр бир ийгиликтерди жаратып, жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн бизнесин өнүктүрүп келишет. Мындай статус менен жарандык алуу оңой. Документтерге болгон талап дагы аз. Бул башка өлкөнүн жарандыгын алууну каалагандар үчүн эң жакшы вариант.
Акыркы жылдары экономикалык жана саясий абалга байланыштуу КМШ өлкөлөрүнөн эмиграция болгондордун саны көбөйүүдө. Инвестициялык программаларга болгон кызыгуу Кытай, Индия жана жакынкы чыгыш жарандарында көп болууда. Өнүккөн өлкөлөрдүн биринен жарандык алуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуу, ар түрдүү жашоо кырдаалдарынан сактап, жакшы жашоого кепилдик берет.
Мисалы, Кыргызстанда кош жарандуулукка тыюу салынган. Бирок сөзсүз түрдө жаңы жарандык алып, өз жарандыгынан баш тартуу керек эмес. Дайыма жашоого уруксат берүү – бул жарандык алуу эмес. Жөн гана өлкөдө жашоого укук алуу жана аны ондогон жылдар катары менен узартса болот. Каалоочулар бир нече жыл жашаган соң жарандык алышса болот.
Акыркы убактарда активдерди сактоонун эң популярдуу жолу кыймылсыз мүлк сатып алуу болуп калды, анткени каражаттарды баалуу кагаздарга салуу же бизнес ачуу кооптуу болууда. Себеби сен барган өлкөңдүн мыйзамдарын жакшы билбей, баалуу кагаздар кандай иштери тууралуу кабарың жок. Ошондой эле Кипрдеги окуядай болуп банктар менен маселе келип чыгышы толук ыктымал. Башкача айтканда, корголгон каражаттар инвесторлорго пайдалуу.
Азырынча биздин өлкөдө чет жакта инвестиция сактоо боюнча бизнесмендер арасында бум же мода байкала элек. Бирок коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чыгып, башка өлкөдө иш алпарууну каалагандар үчүн жол дайыма ачык!