• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Эми жарандар интернет аркылуу кыймылсыз мүлк тууралуу маалымат ала алышат

img_3855

👁 1,344

“Кыргыз Республикасынын жер ресурстарын башкаруунун бирдиктүү маалыматтык тутуму” долбоорунун алкагында Кадастрдык геомаалыматтык системалар порталынын бет ачары болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — башка мамлекеттик органдарды жана коммерциялык уюмдарды жаңы тутум менен тааныштыруу, ошондой эле тутумду мындан ары өнүктүрүү жана активдештирүү боюнча, алардан сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу болду.

Аталган долбоорду ишке ашыруу Корея Республикасынын Өкмөтүнүн Корей эл аралык кызматташуусу агентствосунун (KOICA) колдоосу менен 2016 –жылдын февраль айында башталган. Долбоорду аткаруучулары «LX» жана «GEO2» компаниялары.

Долбоордун негизги максаты — жерге ээлик кылууга байланыштуу суроолорду жөнгө салуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу, ачык-айкындуулугун жогорулатуу. Долбоор үч бөлүктөн турат: биринчиси жер боюнча маалыматты өнүктүрүү үчүн маалыматтык-стратегиялык пландаштыруу, жер маалыматтык системасынын иштеп чыгуу жана иштелип чыккан системаны жайылтуу үчүн жабдууларды пайдалануу.

KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Пак Сун Жин кадастр системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана кыймылсыз мүлктү каттоодо мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоордун маанилүү бөлүгү экендигин баса белгилеп, долбоордун ишке киргизилиши менен жер менен байланышкан чыр-чатактар чечилип, Кыргыз Республикасынын өз жер тилкеси бар ар бир жаран бул долбоордун оң натыйжаларын сезээрин кошумчалады.
Кадастр жана кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо департаментинин Кадастрдык геомаалымат системасы (ГИС) борборунун башчысы А. Абдиевдин айтымында кадастрдык геомаалыматтык системасы (КГИС) мамлекетти туруктуу өнүктүрүү үчүн чечим кабыл алууда кыймылсыз мүлк боюнча комплекстүү жана ар тараптуу негизги маалымат элементи болуп калат. «Жаңы системанын ишке киргизилиши менен кадастрдык маалыматты башкаруу процесси анын ичинде укукту каттоо, жерге болгон салык төлөмүн аныктоодо, ошондой эле жерди пландаштыруу кыйла ыкчам жана натыйжалуу боло алат”,-деди ал.

Ошондой эле Кадастр департаментинин өкүлдөрү онлайн арыз кабыл алууну, иштеп чыгууну, КГИС порталы аркылуу интернет жеткиликтүү бардык аймактан кыймылсыз мүлк боюнча оперативдүү түрдө толук маалыматты алууну көсөтүшүп беришти.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости