• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Эми айыппулдар кыргызстандыктарды бир топ ыймандуу жана маданияттуу кылышы керек.

vodka-alkogol

👁 1,088

Административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

Биздин окурмандар үчүн айыппул төлөнүүчү мыйзам бузуулар тууралуу айтып бермекчибиз.

364-берене. Тартипсиздик

Тартипсиздик, же коомдук жайларда сөгүнүү, жарандардын тынчын алуучу, коомдук тартипти бузуучу аракеттерди кылгандарга 15 эсеп көрсөткүчкө чейин айып салынат же коомдук жумушка тартылат, болбосо беш сутка камакка алынат.

Ал эми жогоруда аталган тартипсиздик жашы жете электер тарабынан болсо, ата-энесине 10 эсептик көрсөткүчтөгү административдик айыппул салынат.

КРнын 18.01.17 ж. № 4- Мыйзамына ылайык, 365-беренеге өзгөртүү киргизилди (эски ред. караңыз)

365-берене. Өндүрүштө спирт ичимдиктерин ичүү

Өндүрүштө (жумуш орундарында) жана ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагында спирт ичимдиктерин ичүү же иште кызуу жүрүү — эсептешүү көрсөткүчүнүн он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.

КРнын 25.06.07 ж. № 91- Мыйзамына ылайык, 366-беренеде мындай деп жазылат (эски ред. караңыз)

КРнын 18.01.17 ж. № 4- Мыйзамына ылайык, 366-беренеге өзгөртүү киргизилди (эски ред. караңыз)

366-берене. Коомдук жайларда баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди булгап мас болуп жүрүү.

Баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонуу, ошого тете көчөлөрдө, стадиондордо, гүлбактарда, көп батирлүү туракжай үйлөрүнүн короолорунда, коомдук транспорттордун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү же коомдук жайларда адамдык беделди, коомдук адеп-ахлакты булгап мас абалында жүрүү, -

сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен онго чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жазалоо колдонулгандан кийинки жыл ичинде кайталанып жасалса — сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган аракеттер баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонгондугу үчүн администрациялык жазага жыл ичинде эки жолу тартылган адам тарабынан кайталанып жасалса, ага тете коомдук жайларда спирттик ичимдиктерди ичкендиги үчүн же коомдук жайларда адамдык беделди жана коомдук адеп-ахлакты булгап, мас абалында жүрүү — сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Жашы жете электердин коомдук жайларда мас абалында жүрүүсү, ага тете алардын баңги каражаттарын же болбосо психотроптук заттарды колдонуусу же алардын спирттик ичимдиктерди ичүүсү — ата-энелерге же аларды алмаштыруучуларга – ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

КРнын 18.11.11 ж. № 217-Мыйзамына ылайык, 367-беренеге өзгөртүү киргизилди (эски ред. караңыз). КРнын 10.01.13 № 2-Мыйзамына ылайык өзгөртүү киргизилди (эски ред. караңыз); КРнын 18.01.17 ж. № 4- Мыйзамына ылайык, 367-беренеге өзгөртүү киргизилди (эски ред. караңыз)

367-берене. Жашы жетпегендерди жосунсуз иштерге тартуу.

Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу — сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости