Мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери, соттук корпустун жана КРнын профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү, эмгек укугун коргоо боюнча эл аралык көз карандысыз эксперттер, илимий ишкерлер, мугалимдер, юридикалык факультеттердин студенттери Кыргызстанда эмгекти коргоону жөнгө салууну оптимизациялоо боюнча биригишти.
Баардык эле өндүрүштүн негизги милдеттери – ага катышкан баардык катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу. Башкача айтканда, эмгектин коопсуздугун камсыз кылу жана шарттарды жакшыртуу. Статистикага ылайык, жыл сайын ар түдүү ишканаларда 200 өндүрүштүк травма алгандар болот, алардын 50гө жакын учурунда кызматкерлер көз жумат. Жыл сайын өндүрүштө жеңил жаракат алгандардын саны 600гө жетет. Жарандык укук жана процесс кафедрасынын башчысы профессор Кубанычбек Раманкуловдун айтымында, бул расмий статистика, ал эми эсепке кирбегендери канча?
Маалымат. Өндүрүштүк жаракат — Иш үстүндө же ишке тиешелүү кызмат аткарууда же өндүрүш аянтынын ичинде кырсыкка чалдыгуу өндүрүштүк деп аталат. Коопсуздук техникасынын эрежесин бузуу, жумушчунун өз кесибин билбеши, эмгек процессин туура эмес уюштуруу, эмгек ордун туура эмес жабдуу жана башка себеп болот. Өндүрүш кырсыгын алдын алуу үчүн өз убагында өндүрүшкө көз салуу, текшерүү, жумушту туура уюштура билүү, эрежени бузбоо чоң мааниге ээ. Өндүрүштө кезигүүчү кырсыкты алдын алуу менен бирге, кырсык болгон жерде туура жана өз убагында медициналык жардамды берүү, аны уюштура билүү, тез аранын ичинде жакынкы медициналык пунктка же ооруканага жеткирүү зарыл. Ар бир жумушка жаңы орношуп жаткан адам ошол иш менен, машина, курал-жарак, бүткүл ишке байланыштуу процесстер менен таанышып, ишке даяр экендиги тууралуу атайын сыноодон өткөндөн кийин гана ишке алынууга тийиш.
Профсоюздун курулуш иштери боюнча кызматкерлеринин тренери Елена Чуб учурда Улуттук статистикалык комитет жада калса СПИД менен ооругандарды деле өндүрүштөн жаракат алган деп чыгарып жатканын билдирди.
“Иштегендер жана жаракат алуу боюнча статистика жок. Аны болсо мамлекет көзөмөлдөбөй келет. Кыргызстанда курулуш тармагын айтпай эле коелу. Бийиктикте жүргөн куруучуларды карагылачы кандай абалда иштеп жатышат. Атайын кийимдин ордуна үйдөгү эски кийимдерин кийип жүрүшөт. Сактоочу курлары жок, баштарында каска жок, коргоочу көз айнектер менен да камсыз болушкан эмес. Муну баарын көрүп турат. Жөнөкөй жарандар дагы, чечим кабыл алуучу органдарда иштегендер дагы. Жеке компанияларда иштеп жатат делинип директор, бухгалтер жана 2–3 кызматкер гана катталган. Калгандары катардагы кызматкер катары каралган. Кырсык болуп кетсе алар ушул жерде иштегендерин далилдеп бере албай калышат ”,-деди Елена.
Мындай абал өндүрүштүк жаракат учурларын көбөйтүп гана берет. Өлкөдө жабыркаган кызматкерлерге компенсация төлөө айларга жада калса жылдарга созулуп келет.
Өлкөдө эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасына; кызматкерлердин коргоо каражаттары менен камсыз болбогондугуна; тиешелүү материалдар менен жабдылбагандыгына; жумушчуларды окутпагандарга карата катуу көзөмөл жүргүзүү зарыл. КРнын Профсоюздар федерациясынын башкы техникалык инспектору Флора Шиндин айтымында, ишканага келип текшерүү өтө оор. “Бизди Минюст жиберсе гана киргизишет, ал эми министрлик пландык текшерүүгө гана уруксат берген. Биз ишкананын эконмикалык абалын текшербейбиз да, эмгекти коргоо, коопсуздукту текшеребиз. Эгерде бузуулар болсочу? Аны плансыз кантип текшеребиз? Өзгөчө кырдаалды кантип алдын алабыз? Ошентип жетекчилер кутулуп кетишүүдө”,-деди ал.
КРнын Профсоюздар федерациясынын эмгекти техникалык текшерүү башчысы Догдурбай Тыныбеков КРнын Конституциясында коопсуз эмгек шарттары жана жумушчу орундарды түзүүдө жазылган: “Жазылгандык бул аткарылып жаткандык эмес! Жумушсуздук көп болгондуктан миграция көп болуп жатат, калгандары болсо аргасыздан бейформал тармактарда иштеп жатышат. Ал жакта кызматкерлер юридикалык документсиз иштешет. Көпчүлүк учурда жумуш берүүчү бир адамды жалдайт. Жумуш көп болгондуктан ал башкаларды жалдайт. Конституциялык нормалар бузулуп жатканын аткаминерлер жана депутттар көрүп эле турушат. Бул жумуш берүүчүгө гана пайда! Эмнеге мамлекет жылдап бул маселени чечпей келет?-деди ал.
Ал эми профсоюздун авиациялык кызматкерлердин эмгеги боюнча инспектору Касен Кутманов өндүрүш жаракаттарында калктын укуктарын билбегендиги жактан билимсиздиги чоң роль ойнойт деген пикирде. Алар эмгекти коргоо мыйзамдары тууралуу эч нерсе билишпейт. “Мисалы бош жумуш орундарына кызматкер алуу үчүн сынак жарыяланышы керек. Бирок көпчүлүк учурда жумушка өз кишилерин алып келүүнү адатка айлантып алышкан. Бул кыргызчылык деп да аталып калган”,-деди Касен Кутманов.
КРнын Профсоюздар федерациясынын кызматкери Вячеслав Брейво профсоюздарга жумуш берүүчү менен кызматкердин күнөөлөру туура эмес аныкталып калганы тууралуу арыздар көп түшөт. Мисалы, ишканада жумушчу тайгаланып кулап кетсе күнөөнүн 80%ын кызматкерге коюшат, ал эми тайгаланбоо үчүн шарт түзбөгөн жетекчиликке болгону 20% күнөө коюшат.
Өтө кооптуу тармактарга курулуш, транспорт, энергетика, тоо-кен тармагы кирет, ал тармактарда жаракат алгандар көп болот. Ошондуктан бул тармактарды караган инспекторлордо жумуш көп. Ири компанияларда эмгекти коргоо боюнча 10 инспектор да азык кылат. Ошондуктан коомдук инспекторлор системасы жардамга келет. Мисалы, «Алтын – Кен» жана «Абдыш-Ата» ишканаларында эмгек коллективинен техинспекторлор даярдалган.
Тоо-металлургия комитетинин төрагасы Эльдар Тажибаев жумуш берүүчүлөр коопсуздук техникасынан каражат аябашы керектигин билдирди. “Эмгекти коргоого кеткен чыгымдар, бул негиздүү чыгымдар. Изилдөөлөргө ылайык, эмгекти коргоого коротулган 1 сом 7 сомду үнөмдөөгө алып келет”.
Мисалы, Айдаркендеги сымап комбинатында эмгек коопсуздугу бузулуп, маянага айына 5 млн сом кетсе, өндүрүштөн жаракат алгандарга каражат төлөп берүү дагы ушул суммага барабар болгон. Жаракат алуу абдан көп болуп, ал төлөмдөрдү 40–45 киши алып турган. Билимдүү жетекчи эмгекти коргоого жылына 10–15 млн сом коротууну туура көрөт, себеби, кырсыктап каза болгондорго эле 25 млн сом төлөө керек болот. Ошондой эле мыкты жетекчи кызматкерлеринин ден-соолугу чың болсо, иш дагы ошончо алдыга жыларын билет.
Эльдар Тажибаев „Кумтор Оперейтинг Компани‟эмгекти коргоо боюнча алдыңкы сапта экенин кошумчалады. Аталган компанияда 3,5 миң адам иштесе, өндүрүштүк жаракат нөлгө барабар! Ошол эле маалда 150–200 кызматкери бар ишканаларда жаракат алуу өтө жогору.
Учурда КРнын Профсоюздар федерациясы өлкөнүн окуу жайлары менен кызматташып, эмгек укугу курсун киргизүүнү демилгелеп жатат.
Ирина БАЙРАМУКОВА