• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

«Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү

22

👁 611

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын «Түндүк» тутумунун алкагында ведомство аралык электрондук өз-ара натыйжалуу аракеттешүүсүн киргизүү максатында түзүлгөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, бир эле мезгилде «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумундагы маалыматтык тутумдардын аракеттешүүсүнө талаптарды бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюлган.

«Түндүк» долбоорунун максаты мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды ыкчам алууну, ошондой эле аткаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдары ортосундагы мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткарууну, электрондук форматтагы маалыматты издөөдө, иштеп чыгуу жана жөнөтүүдө чыгашаны минималдаштырууну камсыздоо эсебинен мамлекеттик бийлик органдарындагы башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Түзүлгөн «Электрондук өз-ара аракеттешүү борбору» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутумунун оператору болот.

Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөткөн, же аны көрсөтүүгө катышы бар мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тутуму аркылуу маалымат алмашуу мүмкүндүгүн камсыздоого милдеттүү.

Борбор мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык тутумунун өз ара аракеттешүүсүн «Түндүк» ведомство аралык электрондук өз-ара аракеттешүү тумунун жардамы аркылуу камсыздап, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик маалыматтык тутум администраторлоруна уюштуруучулук жана методологиялык колдоо көрсөтөт.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости