• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Электриктин сыры. Кыргызча акылдан азап.

sun-in-the-hand-fingers-sunset-silhouette-39515

👁 1,863

Акыркы убактарга чейин эсептегичтерди коюу боюнча талаш-тартыштар жүрүп келет, кимдир бирөөлөр нааразы болушса, башкалары тескерисинче колдоп келишет. Биздин каарман өзү баары тууралуу айтып берет.

Мен Ниязов Нурпасыл Таджибаевич 1958-жылдын 14-февралында Алай районунун Гүлчө айлында туулгам. 1975-жылы Гүлчө айылындагы Макаренко атындагы орто мектепти бүтүргөм. Ушул эле жылы Харьковдогу радиоэлектроника институтуна тапшырып, 1980-жылы аяктагам.

Окуу жайды бүткөндө «Радиоинженер конструктор радио аппаратура боюнча технолог» кесибине ээ болдум. 1980-жылы ДВН заводунда аппаратураларды чогултуу боюнча инженер-технолог жана эсептөөчү машина бөлүмүнүн жетекчиси, «Жаннар» акционердик коомунун вице президенти жана бөлүм жетекчиси болуп иштедим

1992-жылы Кыргызстанда алгачкы эсептегичтер өздөштүрүлгөн. Биз аны CE6803 деп атадык, бул эсептегичтерди биз 2000-жылдарга чейин чыгардык. Алар 3 фазалуу жана электрондуу болчу. 2000-жылдан соң Жеке ишкер катары эсептегичтерди чыгарууга жана сатууга лицензия алдым.

2003-жылдан тарта биз 1 фазалуу жана 3 фазалуу эсептегичтерди чыгара баштадык. 1 фазалуулар Кыргызстандын урматына “2200 жыл” деп аталса, 3 фазалуулар «Ала-То» жана «Ысык-Көл» деп аталган.

2005-жылы биринчи революциядан кийин тагдырдын тамашасы менен биз эсептегичтерди чыгарган жерге мамлекет башчылары келишип, электр, суу, газ эсептегичтерин чыгаруучу завод курушарын билдирди жана биз жабдууларыбызды жыйнап кеткенге аргасыз болдук.

2010-жылдагы экинчи рефолюциядан кийин биз кайрадан иштеп баштоого аракет кылдык, ал убакта бизге мүмкүнчүлүк беришкен жок, себеби Кытайдан миллиондон ашуун эсептегич алууну каалашкан. 2013-жылы үчүнчү жолу аракет кылып, 2014-жылы Бишкек эркин экономикалык аймакта долбоорубузду баштадык.

Эми аны баары “акылдуу эсептегич” катары билишет.

Бул акылдуу эсептегичтер 1 фазалуу жана 3 фазалуу. 2014–2015-жылдары биз 30 000 даанага жакын эсептегич чыгардык, анын негизги бөлүгүн Казакстандын Жезказган шаарына жөнөтчүбүз. Анын баарын орнотушкан жана учурда алар иштеп жатат.

Мындан сырткары 2015-жылы Жалал-Абад электро ААКсына интеллектуалдык эсептегичтерди жеткирүү боюнча тендерди утуп алдык. Ал жакка 3000 эсептегич жөнөттүк. Жалал-Абад облусунун Сузак, Ноокен райондоруна жибердик, алар учурда жакшы иштеп келет жана акты киргизилген.

Акылдуу эсептегич деген эмне?

Бул татаал техникалык жабдык, алар бул эсептегичтерди жөнгө салууга, аларды карап турууга, сактоого жана башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Сактоо жана башкаруу деген эмне? Бул эсептегичтердин программалык камсыздоосуна бөлүштүрүүчү компанияга керек болгон бардык нерселер жайгаштырылган.

Бөлүштүрүүчү компаниялар борборлоштурулган диспетчердик пульт аркылуу бардык маалыматтарды ала алат. Эгерде кардар төлөбөй койсо же унутуп калса, анда эскертүү келет дагы, андан соң электр эсептегичи автоматтык түрдө өчүп калат, каражат төлөнгөн соң ал автоматтык түрдө кайра күйөт.

Эсептегич деген эмне?

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң биздин жарандар электр энергиясы товар эмес деп келишкен, андан соң мыйзам чегинде аны товар катары аныкташты.

Учурда электр энергиясы кадимки эле товар жана аны сатып алуу үчүн кандайдыр бир жолдор менен өлчөнүүсү зарыл. Бул ченегичтер эсептегичтер болот жана ал гана ченөөгө жана ал үчүн тиешелүү каражатты алууга укуктуу.

Башка жол азырынча жок. Учурдагы метод электр магниттик талаасындагы белгилүү дисктердин айланышынан көз каранды. Дисктер айланган соң эсептөөчү механизм колдонулган электр энергиясын көрсөтөт.

Заманбап акылдуу эсептегичтерде баары башкача. Иштөө принциби ошол эле бирок микропроцессор канча электр энергиясы сарпталганын аныктаса, ал эске тутулуп калат.

Кыргызстанда дайыма электр энергиясы жеткиликтүү деп санашып, ал бекер болушу керек деп келишет.

Бул түшүнүктөн арылуу керек, себеби ар бир товар үчүн төлөө зарыл. Ар бир өнүмдүн белгилүү бир баасы болуу керек.

Кыргызстандагы бүгүнкү акылдуу электр эсептегичтеринин абалы кандай? Алгачкылардан болуп Түндүкэлектр акылдуу эсептегичтерди коюп баштаган. Бул эсептегичтерди алуу жана энерго-башкаруучу жабдууну жакшыртуу Кыргызстанга 25млн евро бөлүнгөн.

Эл аралык тендер жарыяланып, түрк компаниясы утуп алган жана алар Молдовадан чыккан акылдуу эсептегичтерди Кыргызстанга ташып келишет. Бул дагы интеллектуалдуу жана башкарылуучу электр эсептегичтери. Бул эсептегичтер коюлган соң электр Кыргызстандын тармагында жоготуулар азайды.

Андан соң Түндүкэлектр экинчи тендерин жарыялады, аны болсо Кытай компаниясы утуп алды. Аларды азыр коюп жатышат.

Интеллектуалдык эсептегичтер канча электр энергиясы сарпталганын дароо алууга, сактоого, башкарууга башкача айтканда белгилүү бир аралыкта өчүрүп күйгүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адамдын катышуусунун кереги жок жана жоготуулар азаят. Чогултулган каражат көп болот жана адамдар колдонгон электр энергиясы үчүн өз убагында төлөп калышат.

Эгерде эсептегичтер болбосо анда адамдар катышуусунда иш жүрүп, кызматкерлер көрсөтмөлөрдү жашырып жазып же башка аракеттер болуп жоготуулар көп болот.

Жезказгандагы тажрыйба жакшы жетишкендиктерди көрсөттү, ал жакка 30 000ге жакын эсептегич койдук, алардын эсеби менен каражат чогултуу 90%га жеткен, 10% болсо бизден көз каранды болбогон адамдык факторлор, бирок бул 10%ды дагы кыскартууга аракет кылып жатабыз, себеби дал ушул 10%дын ичинде техникалык жоготуулар бар. Биздин тармактар эски, зымдар жылаңачтанып калган жана авариялык абал көп учурап, маалыматтар жоголуп, натыйжада электр энергиясын жоготуу болууда.

Ошондуктан биздин милдет акылдуу эсептегичтер мунун баарын көзөмөлдөп жана башкарып туруусу керек. Биздин программалык камсыздоо абалды толугу менен көзөмөлдөөгө жол берет.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасынын орун басары Нурлан Сыдыков 2012-жылы электр энергиясын жоготуу 29% болгонун айтты, бул эң төмөнкү көрсөткүч. Бишкек шаарына акылдуу эсептегичтерди койгон соң жоготуу 10–11% болуп калды. Учурда бул реалдуу көрсөткүчтөр, эч кандай алдоо жок.

Ал эми улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу Турат Оморовдун: “Эсептегич коммерциялык эсептөөгө багытталган, электр энергиясын жоготуу коррупциялык схемалардан улам болуп жатат”-деген пикирине кошулам.

Биз эсептегичтерди орноткондо коррупциялык схемалар азаят. Мындан сырткары ал бөлүштүрүүчү тармактардын симметриялуу эмес болгону дагы электр энергиясын жоготууга алып келип жатканын айтты, бирок бул техникалык көрсөткүчтөр, жалпы тармактын симметриялуу болбогону аппаратура аркылуу көзөмөлдөнөт жан аны жөнгө салса болот.

Экинчиси бул электр энергияны эсептегичтерден уурдоо. Эгерде адамдык фактор болсо уурдоо болот, башкача айтканда адамдар эсептегич койдурбайт же кандайдыр бир жолдор менен ага таасир берет, бул электр энергиясы эсептегич аркылуу берилбейт дегендик.

Мен бул чындыкка дал келбейт деп ойлойм, анткени эсептегич электр энергиясын жоготуу маселесин чечет. Биздин компания Беларус компаниясы менен биргеликте эсептегичтердин жаңы, заманбап түрүн иштеп чыгуудабыз.

Бул эсептегич жакынкы убакта, жазында даяр болот. Кайталап айтып кетейин эсептегичсиз электр энергиясын өлчөө мүмкүн эмес. Башка жолу жок жана кандай болгон күндө да эсептегичтерди орнотууну улантуу керек.

Эсептегич коюлгандан кийин жоготуулар тууралуу сөз башталат. Бул жерде адамдык фактор болбой, акча чогултуу өсөт жана эң башкысы аны аралыктан башкарса же өчүрүп, күйгүзсө болот.

Жазында иштеп чыкчу жаңы эсептегичтер маалыматты берүү боюнча заманбап система менен жабдылат. Кыргызстанда, Казакстанда, КМШ өлкөлөрүндө бөлүштүрүү тармагы ишенимсиз. Зымдарды тартууну Түндүкэлектр гана баштады, башка аймактарда бул иш аткарыла элек, ошондуктан зымдар иштен чыгып, ысып кетип жатат.

Кытайдын баасы арзан экени түшүнүктүү, силер керектүү нерселерди Беларусиядан жана башка жактардан алат экенсиңер, ошондуктан баасы жогорубу?

Бул реалдуу баа. Биз маяна да төлөйбүз. Цехтеги чыгымдар аз эле, бирок керектүү тетиктер өтө кымбат турат. Жабдуулар кымбат жана эң жогорку баада болгону бул программалык камсыздоо.

Программалык камсыздоолорду жергиликтүү шарттарга ылайыктап жатабыз. Кытайдыкы болсо бүгүнкү күнгө чейин жасалган үлгүлөрдү жеткирип жатышат, программалык камсыздоо орнотушат жана бүттү. Андан ары техникалык тейлөө жок. Түндүкэлектр бул маселени кантип чечип жатат билбейм.

Биздин программалык камсыздоо жергиликтүү талаптарга жооп берет. Электр тармактарынын начар экенин эске алуу менен биздин зымдар чыйрак жана жарандар эсептегичтерди бузууга аракет кылса, аны биздин эсептегич билип коет.

Эгерде магнитти алып келсе же көпчүлүк учурда колдонулуп жүргөндөй бууласа эсептегич мунун баарын жазып калып, маалымат тиешелүү жерлерге түшөт. Мындан сырткары биздин эсептегичтерде android тиркмеси бар андан электр энергиясы канча сарпталганын көрсө болот.

Учурда рынокто абал кандай? Рыноктун бир бөлүгү кытай, молдова, түрк эсептегичтери ээлесе, бир бөлүгүн кыргыз эсептегичтери ээлейт экен…

Январь айынан тарта Улуттук холдинг энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети менен биргеликте жаңы системаны презентация кылды. Алар бөлүштүрүүчү компанияларга бирдиктүү талап коюуну иштеп чыгууда.

Техникалык талаптар иштелип чыгууда. Ата мекендик өндүрүүчү катары биз тендерге катышууга даярбыз. Бизге эч кандай жеңилдиктер жок. Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиз менен биз айрым импорттолуучу товарларды салыксыз ташуу мүмкүнчүлүгүн алган жокпуз. Биз тизмеге кирбей калганбыз.

Мисалы желим корпусту биз чет жактан алып келебиз. Аларга 1-январдан тарта салык киргизилүүдө, башкача айтканда биздин өнүм кымбаттайт. Буга байланыштуу биз акылдуу эсептегичтин башка түрүн ойлоп табууга аргасыз болдук, биздин буйрутма менен корупстар иштелип чыгууда.

Бизде азыр үлгүлөр бар жана аларды сыноодон өткөрүп жатабыз.

Силердин компанияда канча адам иштейт?

Компаниябызда буйрутмага жараша 15 адам эмгектенет. Бирок негизгилерин Беларусиядан алдырабыз. Элементтик базаны беларус компаниясы иштеп чыгууда, программалык камсыздоону, адаптацияны жана текшерүүнү биз жүргүзөбүз. Эн негизги ролду ойногон программалык камсыздоо Кыргызстанда жасалат.

Биздин окурмандар айылдык ишкерлер, алар аналитиканы окууну көп каалай беришпейт аларга төмөнкүлөр кызыктуу: 1) Адамдар кантип ийгиликке жетишет, мисалдар; 2) Биздин компаниялар кантип өнүгүп жатат, сиздин компания; 3) Акча табууну каалаган адамдар. Ошондуктан менде суроо пайда болду: Эсептегичтер андан ары эмне болот, жөнөкөй жарандарга ал эмне берет?

Биз Советтер союзунда тарбия алганбыз жана дайыма электр энергияны жалпыбыздыкы деп санап калганбыз. Кыргызстан эгемендүүлүтү алгандан бери товар катары аныкталып калды. Бүгүнкү күнү электр энергиясы товар, товарга акча төлөө керек.

Совет доорунан калган жалпы элдики деген түшүнүктөн арылуубуз керек.

Эгерде электр энергиясы товар болсо, аны өлчөөнү эсептегич жүргүзөт. Канча кубаттуулук кетти, канча келди, канча электр энергиясы колдонулду, башка жолу табыла элек.

Эгерде биз цивилизация орногон заманда жашагыбыз келсе эсептегичтерди ишке киргизүү керек, акылдуубу жокпу мааниге ээ эмес, бирок электр энергиясын өлчөө зарыл. Бул негизги маселе, ал бирөөнө жакса, бирөөнө жакпайт.

Эгер мамлекет канча бир даана эсептегич талап кылса биз мамлекетибиз үчүн күнү түнү иштөөгө даярбыз.

Шаардын жана айылдын жашоочулары эсептегичтерди сатып алууга жана орнотууга канча каражат сарптайт?

Учурда акылдуу эсептегичтердин баары Түндүкэлектр, Чыгышэлектр жана Жалал-Абадэлектр тарабынан сатылып алынып, бекер орнотулуп берилет.

Эсептегичтердин баасы тарифке киргизилүүсү зарыл. Бизде тариф саясаты акырына чейин аныктала элек. Эгерде бүгүн 70–75тыйын болуп жатса, эртең 80 тыйын болушу ыктымал. Эгерде баа саясаты аныкталса анда бөлүштүрүүчү компанияларга жана карапайым калкка баары түшүнүктүү болот.

Учурда жарандар 1 фазалуу жана 3 фазалуу эсептегичтерди бекер алышууда. Мындан сырткары коммерциялык компаниялар өздөрү сатып алышы керек, анткени алардын бизнеси бар жана пайда таап жатышат.

Комитеттин жыйынына кайрылсак, мамлекеттик компаниянын өкүлү акылдуу эсептегичтерди орнотуу электр энергиясын жоготууну азайтканын, 2012-жылы жоготуулар 29% болсо бүгүн 10–12% экенин билдирди. Ошо эле учурда илимдер академиясынын окумуштуусу Турат Оморов электр энергиясын жоготуу коррупциялык схемаларга байланыштуу экенин ошондуктан эсептегичтер коммерциялык эсеп үчүн гана орнотулуп жатканын, электр энергиясын жоготууга алардын тиешеси жок экенин айтыптыр. Бул боюнча пикириңиз…

Система жакшы иштеп жана эффективдүүлүгүн көрсөттү, анткени дал ушул коммерциялык жоготуулар азайган. 10–11% деген көрсөткүч чындык, Жезказганга орнотулган эсептегичтер да муну далилдеди, учурда каражат чогултуу 90%, андан сырткары Жалал-Абад облусунда дагы жоготуулар азайган.

Акылдуу эсептегичтер коюлган соң адамдык фактор жоголот, башкача айтканда энергетиктер ал жакка барышпайт. Жөнөкөй эсептегичтерди арка жылдырган, токтотуп койгон учурлар көп эле кездешет, көрсөткүчтөдү чогултуучу адам үйлөргө барып эсептегичтерди карап жүрөт дагы адамдык фактор ар дайым бар болот.

Текшерүүчүлөр көрсөткүчтү аз жазып, жарымын жокко чыгарып каалаганын кылса болот, ал эми акылдуу эсептегич болсо белгилүү бир убакыт өткөн соң борбордук почтадан бардык маалыматты алса болот.

Учурда коррупциялык схемалар бар.
Акылдуу эсептегичтер коррупциялык схемалардан арылтат.

Симметриялуулук дисимметриялуулук бул илимий аныктама. Биздин тармактар электр жабдыктары менен башкарылат, баары автоматташтырылган. Буга чейин дисимметриялуулук болсо анда ал тууралуу маалымат чыкмак. Электр энергиясын уурдоо адамдарга жана эсептегичтерге байланыштуу. Эсеп жок болгондо уурулук башталат.

Электр берүү эскирген, Түндүкэлектр акылдуу эсептегичтерди орноткон жерлерди жана зымдарды көрсөттү, авариялык өчүрүүлөр болбой эле, жоготуулар азаюуда, акча чогултуу көбөйгөн. Натыйжа көрүнүп турат.

Өлкөгө акылдуу эсептегичтер толук качан коюлуп бүтөт?

Дүйнөлүк тажрыйбаны алып карайлы. Көпчүлүк, жада калса өнүккөн өлкөлөрдө акылдуу эсептегичтер коюлган эмес, анткени алар эгер электр энергиясын уурдаса мыйзам алдында жооп берерин билишет.

Бизде жөнөкөй жарандар азыркыга чейин электр энергиясы товар экенин түшүнбөгөндүктөн уурдоолор болууда. Биз мындай электр жабдууларын койгонго мажбурбуз.

Башка мамлекеттерде эсептегичтер жөнөкөй эле. Акылдуу эсептегичтер бардык жерде колдонулбайт. Дагы бир маселе бул жерде жаңы технология тууралуу айтылып жатат. Жаңы технологияга кайрыла турган болсок биз мезгилден артта калбай алда канча арзан турган эсептегичтерди иштеп чыгуудабыз. Бизде заманбап эсептегич чыгаруу боюнча долбоор бар. Баары жакшы болсо жазында күбө болосуңар.

Акылдуу эсептегичти алдаса болобу?
Жок болбойт. Эгер ал тармакка улашкан болсо анда ага карата жасалган ар бир кийлигишүү билинип калат. Учурда өзүнүн технологиясы, кыскасы баары бар. Алардын негизинде чогултуу жана сактоо реалдуу режимде жүрүп келет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости