Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгү, мектеп ремонтуна каражат бөлүнбөй жаткандыгы, гемодиализ аппараттарынын жетишсиздиги жана башка бир катар маселелер айтылды.
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жылда сел жүргөн маалда жергиликтүү эл, айдоо жерлери жабыркайт. Депутат Сайдулла Нышанов бул аймакка селди тосо турган 400 метрлик дамба куруу маселеси качан чечилерин Өкмөттүн астына койду. Ошону менен катар С.Нышанов өзгөчө “Ош” базарына ысырыктоо үчүн кыйылган арчалар машинелеп келген жагдайларга экологиялык маселе катары көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Азыркы күндөрдө бир топ акционердик коомдордо директорлор кеңешинин чогулуштары өтүп жатат. Ага мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринен 6–7 адам мүчөлүккө кирет. Депутат Рыскелди Момбеков өздөрү банкроттук абалда делген мындай ишканалар тарабынан директорлор кеңешине мүчөлүккө киргендерге айлык берилерин, мындан сырткары, бир топ иш-чараларга миллиондогон каражаттар менен демөөрчүлүк кылынаарын айтып сынга алды.
“Ички авиакаттамдардын билеттеринин баасы кымбат болуп жатат”,- деген депутат Махабат Мавлянова “Эйр-Кыргызстан” авиакомпаниясынын үлүшүн башка компанияга берүү маселесин кароону аткаруу бийлигине багыттады. Ошону менен катар М.Мавлянова мультипликативдүү натыйжа берүүчү “Ачык асман” долбоорун тездетүү зарылдыгын кошумчалады.
Депутат Аида Касымалиева республикалык бюджетти кароодо мектеп ремонтторуна каражат бөлүнгөндүгүн айтып, бирок эмдигиче каражат бериле электигин сынга алды. Муну менен катар эл өкүлү Ош облусунун Өзгөн районундагы ремонтко муктаж делген Кайнар, Керим, Кочкор-Ата сыяктуу бир катар мектептерди тизмектеди.
Депутат Улукбек Ормонов Өзгөн шаары 9 айдан бери мэри жок келе жатканын айтып, сын-пикирин Өкмөткө узатты.
Борбор калаада ремонттолот делген бир топ жолдордо эч кандай иштер байкала элек. Андан улам автотыгындар күч алды. Жолдорду элге ыңгайсыздык жаралбагандай кылып оңдоонун жолун табышыбыз керек. Мындай пикири менен депутат Абдывахаб Нурбаев бөлүштү.
Депутат Умбеталы Кыдыралиев үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мамай айылында Өзбекстандын чек арачысы тарабынан жергиликтүү тургун айтылган окуяга токтолуп, Өкмөткө кайрылды. Ал чек ара такталган аймактарда демаркация иштери ыкчамдатылбагандан улам ушундай кырдаалдар түзүлүп жатат дейт.
Депутат Зиядин Жамалдинов Ош-Исфана авто жолу 10 жылдан бери бүтпөй келе жаткандыгына, бүткөн жерлеринин сапаты начардыгына нааразычылыгын айтты. Эл өкүлү Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүндө курулушу бүткөнү калган мектептин сапаты дагы начар экенин, бул мектепке келчү балдар үчүн мектеп жанындагы сел өтүүчү сайда көпүрө жоктугун кошумчалады.
Жалал-Абаддын Ала-Бука, Чаткал райондору үчүн социалдык мааниси чоң Ала-Бука – Шакафтар жолунун 20 км тилкеси ремонтко өтө муктаж. Аны оңдоп түзөөгө жалпысы 197 млн сомго тендер жарыяланган. Бирок жылына 10 милион сомдон бөлүнүүдө. Жол көйгөйүн көтөргөн депутат Азизбек Турсунбаев мындай темп менен аталган жол 20 жылда бүтөбү деген маселени кабыргасынан койду.
“Ош облусундагы Араван-Ноокат жолу ремонттолсо автоунааларга бир топ эле ыңгайлуу болот эле”,- дейт Кубанычбек Нурматов.
Депутат Максат Сабиров Ысык-Көл облусун бөйрөгү ооругандар үчүн гемодиализ аппараты менен камсыздоо маселесин чечип берүүнү КР Өкмөтүнөн өтүндү.
Мечит, чиркөө сыяктуу айрым социалдык обьектилерге электр кубаты боюнча тариф өндүрүшкө каралган тариф өлчөмүндө белгиленип калган. Депутат Марлен Маматалиев КР Өкмөтүнө мындай обьектилерге тарифти жөнөкөй жарандарга коюлган тарифтин өлчөмүнө түшүрүүнү табыштады.
Депутат Алмазбек Акматов көрүнүктүү, мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Улуттук тарых музейине атын берүү боюнча маселе көтөргөн. Депутаттын айтымында, Маданият, маалымат жана туризм мининстринин орун басары Султанбаевадан аталган сунушка өтө одоно, терс жооп келген. “Мындай улуу инсандардын ысымын түбөлүккө калтыруу маселесин качантан бери министрдин орун басарлары чечип калган? Керек болсо министр өзү жооп берүүгө милдеттүү”,- дейт А.Акматов.