• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Эл аралык каржы донорлорунун көмөгү менен “Ден соолук” программасынын натыйжалуулугу жакшыртылууда

👁 523

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Ден соолук» программасын каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Акыркы жылдары эне жана ымыркай балдардын өлүм көрсөткүчү кыскарууда. 2015-жылдагы ЮНИСЕФтин Дүйнөлүк отчётуна ылайык, Кыргызстан МЖӨнү жүзөгө ашырган өлкөлөрдүн катарына кирген (1990-жылга салыштырмалуу балдар өлүмүнүн деңгээлин 23 гө кысткарткан). Стационардык тейлөөдөн Баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) өтүү иштери акырындык менен жүрүп жатат.

2016-жылдын аягына карата «Ден соолук» программасы үчүн бөлүнгөн донордук каражаттардын ичинен 25 млн доллар каражат өздөштүрүлгөн. Программанын аягына чейин дагы 18 млн долларын өздөштүрүү пландалууда. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, жалпы каражаттын 55 пайызын жеӊилдетилген насыя, 45 пайызын гранттык каржы түзөт.

Мындан сырткары, 2017–2018-жылдарга карата «Ден соолук» программасын колдоо үчүн 10 млн. 950 миң евро караштырылган. Ошондон улам, мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоонун талап кылынбай тургандыгын эске алуу менен, мурда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Макулдашуу катына ылайык, Долбоорду иштеп чыгуунун максаты төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлүүдө: «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча «Ден соолук» Улуттук программасынын алкагында эне жана баланын ден соолугун коргоо үчүн сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү». Демек, программанын багыты өзгөрөт.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдагы бюджети 16 млрд сомду түзөт, анын ичинде республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, эл аралык донорлордун каражаттары бар.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости