Эл аралык Жер коалициясынын Азия аймактык жер форуму жыл сайын аймактагы аты чыккан уюмдарга, анын ичинде жергиликтүү жана эл аралык изилдөөчүлөргө ар тараптуу мамлекеттик уюмдарга бирге чогулууга уникалдуу мүмкүнчүлүк болот. Иш аракеттерге багытталган Форум жеке түрдө иш алып бара албаган катышуучуларга бири-бири менен байланыш түзүп, талкуулап, бири-биринен үйрөнө ала тургандай болуп түзүлгөн.
Форумга эл аралык Жер Коалициясына мүчө болгон Италия, Индия, Пакистан, Монголия, Эфиопия, Индонезия, Бангладеш, Камбожджа, Филипин, Непал жана Казакстандан 100дөн ашуун делегаттар, ЖКнын депутаттары, өкмөттүн жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү ошондой эле илимий , өкмөттүк эмес жана фермердик уюмдардын өкүлдөрү катышып, чоң талкуу жүрдү.
Жаныбек Керималиев, Айыл чарба министринин орун басары:
Биздин жайыттарыбыз пайдалуулугун жоготуп, жылдан-жылга начарлап баратат…
–Бул форумдун биздин экологияга тийгизген таасири тууралуу кеп козгосоңуз..
–Бул форум кыргызстанда биринчи жолу болуп жатат. Форумдун жүрүшүндө үч стратегия каралат. Жерлерди, жайыттарды кандай пайдалануу керек. Токой өстүрүү боюнча кандай иштерди алып баруу керек. Бул жерде ар кандай илимий изилдөөчү иштерди кандай алып барып жатышканы каралып өзүбүздө тыянак чыгарылат. Эң негизгиси баардык мамлекеттер менен биргеликте 100гө жакын делегаттар чет мамлекеттерден келишет. Жер боюнча коалициянын башка мамлекеттерден түзүлгөн 200делегаты бар. Буйруса алар менен чогуу иштешип жатабыз.
Биздин жайыттарыбыз аябай начарлап, пайдалуулугун жоготуп баратат. Жайыттарды азыктандыруу боюнча ассоцияция менен бирдиктүү иш алып баралы деп жатабыз. Булар бизге донор эмес бирок чогуу иштешип стратегия түзөбүз. Даяр стратегия болсо донор табылат. Форум бүткөндөн кийин Ысык-Көл облусуна чыгышат. Жеринен жайыттар кандай пайдаланылып жатканы, жайыттар абалы менен таанышышат.
–Жайыт, токойлордун абалын изилдөө иштери кандай жүрүп жатат?
–Жайытттарга изилдөө иштери мурдатан эле жүргүзүлүп келет. Бул ассоцияцияга жаңы мүчө болуп кирип жатабыз. Мүчө болгондон кийин аткарыла турган иштердин баары Кыргызстанда да терең жүргүзүлөт.
–Жер, жайыт, токойлор боюнча баса белгилей турган кандай көйгөйлөр бар?
Токойлор кыркылып, жабырлануу пайда болуп жатат. Булардын баары каралат. Талкууланат.
Буга чейин жер анализин алган учур болгон эмес. Иштете беришкен. Кээ бир дыйкандар лабороториялардан өз жерлеринин анализин алып,эмнелер жетишпейт ошолор боюнча билим алып керектүү азыктар менен азыктандырышат.
Бурханов Айткул, Кыргызстан токой жана жер пайдалануучулар ассоцияциясынын башкы директору:
“Бул форумга айрыкча азия өлкөлөрүнөн изилдөөчүлөр арбын келет”
–Жыл өткөн сайын экология көйгөйлөрү күч алып барат. Бул форумдун башкы максатына токтолсонуз…
–Бул форумга 15 өлкөдөн, айрыкча азия өлкөлөрүнөн келип катышып жатышат. Форумдун бүгүнкү максаты жер ресурстарын башкаруу үчүн калкты мобилизациялоо. Жерди иштетүүдө иштеген адамдарды коргоо, аларга көмөк көрсөтүү ошондой эле азия аймагында болуп жаткандан кийин тажрыйба алмашуу, тажрыйба бөлүшүү .
Экологиягадагы орчундуу көйгөлөр боюнча да кеп козголот. Жер деградациясы. Климат өзгөрүп жатканына байланыштуу жер, токой , суу ресурстарын сактап калуу боюнча маселе козголот. Мен токойчу катары айтып коюшум керек. Чыныда эле биз аз токойлуу мамлекетке киребиз. Климат өзгөрүп жылдан жылга токойлор жабыркоого учурап жатат. Элдин көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча дагы, киреше булактары табыла турган дагы маселер каралат.
–Киреше булактары демекчи жашыл экономика боюнча кандай пикириңиз бар?
–Биздин азыркы шартта эгерде токойду, көчөттөрдү көбөйтө турган болсок жашыл экономиканын жемишин көрө баштайбыз.
–Учурда токойлорду сактап калуу, өстүрүү, көбөйтүү жагына багытталган иштер жүргүзүлүүдөбү?
Жамиля НУРМАНБЕТОВА