Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбеков “Экспорт кербени — 2” ПРООНдун “Соодага таамир берүү” жана ЕРӨБдүн “Чакан бизнес үчүн кеңештер” деп аталган программалардын жардамы менен өткөрүлгөнүн билдирди. “Мындай масштабдуу маалыматтык капманиялар өңдүрүшчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Себеби алар экспортко байланышкан баадык кызыккан суроолоруна жооп алат”,-деди Орозбеков.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө мындай иш-чаралар көп өткөрүлүп турса пайдалуу болмок экени айтылды.
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакировдун айтымында, “Экспорт кербени — 2” кампаниясынын алкагында ишкерлер жана экспортчулар үчүн семинарлар өткөрүлүп, ал жакта адистер таңгактын, маркировканын маанилүүлүгу тууралуу жана КНС боюнча маалымат беришти. Ошондой эле соода-логистикалык борборлорго турлар уюштурулду.
Улуттук статисткалык комитеттин маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын башка өлкө менен болгон соода жүргүзүү көлөмү 9,5 пайызга көбөйүп, 4 млрд 424,4 млн.долларды түзгөн.
Аны менен катар эле пахта кездемесин ташуу жана буурчактарды ташуу эки пайызга азайса, элект лампаларын ташуу 26,9% азайган.
Аны менен катар республикага кездемелер (өсүш-4,6%), жана дарылар (1,7 эсе) көбүрөөк келе баштады. Бирок унаалардын запастык бөлүктөрү 6,6%га төмөндөдү. Башка өлкөлөрдүн Кыргызстанга киргизген импорттук продукциялары 3 млрд, 183 млн долларды түздү. 9 айдын импорту 7,3%ге өстү. Эгерде КРны ЕАЭБдин мүчөсү катары сөз кылсак, бирикмедеги мамлекеттердин тышкы соода айлануусунда КРдин үлүшү 39%га барабар. Өлкө негизинен Россия менен соода кылат. КРнын тышкы соода байланышында Россиянын үлүшү 22,9% деңгээлинде катталган. Ал эми Казакстан менен товар айлантуу 15 %ге көбөйүп, 598,5%и түздү. Беларусия менен товар айлантуу 26,4%и түздү. КР баарынан азыраак Армения менен алака кылат – азырынча товар катыштыгы 300 миң долларды түзөт. Жалпы алганда ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода сальдосу – жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөп, 747,3млн өлчөмүндө түзүлдү. Ошону менен бүгүнкү күндө биримдиктеги мамлекеттер Кыргызстанга, Кыргыз Республикасы ЕАЭБге экспорт кылганга салыштырмалуу 3 эсе көбүрөөк импорттошууда.
Кеңири масштабдагы “Экспорт кербени” жана “Экспорт кербени-2” акциясынын уюштуруучулары, экспортту өнүктүрүү боюнча Кеңештин ишине жакшы стимул болуп бере алат деген үмүттө. Анын мүчөлөрү өлкөнүн экспорттук потенциалын алдыга жылдырган мамлекеттик жана жеке чарба секторлору саналышат. Бул алдыдагы келечекте ар бир ишкердин тышкы рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырат жана мамлекет менен бизнес коомчулугунун өлкөбүздүн экспортун өнүктүрүүдөгү биргелешкен аракетин өз учурунда жөнгө салып турат деген үмүттөбүз.